Turmush — Кемин шаарындагы 150 айымга белек катары идиш-аяк тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жаз мезгилиндеги майрамдарга карата Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыров ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген апаларга, жардамга муктаж болгон аялдарга белек катары идиш-аяктарды таратып, аларга жеринен ден соолук каалады.
Өлкө аймагында коронавируска карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Буга байланыштуу Кемин шаарындагы демөөрчүлөр айымдардын жаз майрамдары менен куттуктап, белектерди үйүнө барып таратып жатышат.