Turmush — 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү республикалык бюджеттен бөлүнгөн жана башка каражаттарды кошкондо 27 млн 787 миң сомго аткарылды. 2019-жылдын 12 айына 25 млн 983 миң сомдук план бекитилген. Жыйынтыгында план 1 млн 804 миң сомго ашыкча, тактап айтканда 106,9 пайызга аткарылган. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Саттарали Миңбаев билдирди.
Ал айыл өкмөттө 2019-жылы аткарылган жана ушул жылы аткарыла турчу иштер тууралуу айтып берди.
«Көк-Жар айыл өкмөтү 1996-жылы түзүлгөн. 6 айылдан турат, жалпы 22 миң 880 адам жашайт. Айыл өкмөттүн жашоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө колдон келген аракеттерди жасап жатабыз. Өткөн жылды президент Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаганына карата айыл өкмөттө алгылыктуу иштер аткарылды. Атап кетсем: санариптештирүү багытында ар бир мектеп интернетке кошулуп, видеокамералар орнотулуп, окуучулардын коопсуздук маселеси чечилди. Класстарга да видеокамералар коюлуп, мугалимдердин сабак өткөнүн көзөмөлдөөгө болот.
Ошондой эле ар бир айылдын жаңы конуштарына 390 миң сом шагыл төшөөгө бөлүндү. Алты айыл тең жаңы электр мамычалары жана трансформатор менен камсыздалды.
Долбоордон 2 млн сом утуп алып, анын 1 млн сомун Каранай орто мектебинин айланасына балдардын коопсуздугу үчүн тосмо орноттук. Калган 1 млн сомуна эл менен кеңешип, чогулуш өтүүчү залды толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүп, микрофон, проектор, сыналгы, кондиционер менен камсыздадык. Жакын арада таза суу маселеси чечилгени турат. Көлөмү 1000 куб метр болгон суу кампасы 17 млн сомго курулат. Алдыга көптөгөн пландар коюлган, иштеш гана керек», - деди Саттарали Миңбаев.
Ошондой эле «Көк-Жар» борбордук базарынын чыгыш тарабындагы Ноокат—Ош жолуна унаа жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак, Жийде жана Борбаш айылдарындагы мектептердин жанына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак орнотулуп, жумуштарга айыл өкмөттүн бюджетинен 400 миң сом жумшалган. Билим берүү тармагына 350 миң сом каралып, 14 компьютер жана 10 принтер алынып берилген. Ички жолдорду жарыктандыруу максатында 150 миң сом бөлүнүп, 120 даана электр лампасы орнотулган. Андан тышкары демөөрчүлөр тарабынан 250 миң сомго 150 лампа алынган.
«2019-жылы мекенибизди коргоого айыл өкмөттөгү 17-18 жаштагы 35 бала аскерге жөнөтүлдү. Ошондой эле 66 бала альтернативдик кызмат өтөөгө тартылып, мамлекетке 1 млн 650 миң сом түштү», - деди айыл өкмөт башчы.
Айыл өкмөттүн өзүн-өзү камсыздоо көрсөткүчү 2018-жылы 12,8 пайыз болсо, 2019-жылы 10,4 пайызды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,4 пайызга аз болду.
Өнөр жай
Көк-Жар айыл өкмөтүндө өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2018-жылы 11 млн 5 миң 700 сом болсо, 2019-жылда 15 млн 190 сомду түздү. Башкача айтканда, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 млн 994 миң 490 сомго көп.
2019-жылы Көк-Жар айыл өкмөтүндө 1 жем тартуучу тегирмен, желим терезе жасоочу 2 ишкана жана эшик жасоочу бир ишкана ачылып, 15 адам жумуш орду менен камсыз болду.
Айыл чарбасы
2019-жылы айыл өкмөттө кылкандуу дан 1100 га, жаздык буудай 415 га, жаздык арпа 217 га, жүгөрү 898 га, картошка 180 га, жашылча 215 га, май өсүмдүгү 69 га, чөп 430 га аянтка эгилген. Пайдаланылбай калган айдоо жери болгон эмес.
Мал чарба
Айыл өкмөттө 2020-жылдын 1-январына карата ири мүйүздүү малдын саны 5 миң 437 баш болуп, 2019-жылдын 1-январына салыштырмалуу 205 башка өскөн. Майда жандык (кой, эчкилер) 12 миң 520 баш болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 108,2 пайызга өстү. Жылкы 830 баш болуп, 2019-жылга салыштырмалуу 120га көбөйгөн. Үй канаттууларынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 14 миң 24 баш болуп, 2019-жылдын 1-январына салыштырмалуу 1 миң 820га өскөн. Ошондой эле 3 ветеринардык мекеме элге кызмат көрсөтүп келүүдө.
«Андан сырткары малды жасалма жол менен уруктандыруучу 2 пункт иштеп жатат. Айыл өкмөттө 5 миң 46 мал идентификациядан өтүп, базага киргизилди. Бирканын баасы 38 сом болуп, ушул күнгө чейин ага 191,8 миң сом сарпталды.
Айыл тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолбун ит-мышыктарды атып жок кылуу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 160 миң сом бөлүнүп, 890 жолбун ит-мышык атылып, атайын казылган чуңкурга ташталды.
Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына жооп бере турган мал союучу жай куруу үчүн эки долбоор менен иш алып барылды жана айыл өкмөт тарабынан 1 га жер аянты бөлүнүп берилип, жеке ишкерлер тарабынан 2 мал союучу жай курулууда. Алардын курулушу быйыл аяктап, пайдаланууга берилет», - деди Саттарали Миңбаев.
Жайыттар
Айыл өкмөттө жайыт төлөмдөрү 100 пайыз төлөндү. 2019-жылы 418,3 миң сом план бекитилсе, иш жүзүндө 418,8 миң сом топтолду. Жайыт комитети тарабынан бир топ иштер аткарылды. Атап өтсөк, Сарыкаңды айылында чоң көпүрө курулуп, колдонууга берилди. Ал көпүрөгө жалпы 899,5 миң сом сарпталып, анын 676,8 миң сому АРИС тарабынан, 45 миң сому Жайыт комитети тарабынан берилген.
Жийде айылынын Сырт жайлоосуна Сары-Таш булагы курулуп, 652,9 миң сом сарпталды. Анын 489,1 миң сому АРИС тарабынан, 34,5 миң сому Жайыт комитети тарабынан төлөнгөн.
Кара-Дөбө, Беш-Конуш жайлоосундагы жолду оңдоого жайыт комитети тарабынан 150 миң сом жумшалды.
Айыл өкмөттүн жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу
Айыл өкмөттү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, ички арыктарды тазалоо, оңдоо, таштандыларды тазалоо, көчөт, гүлдөрдү отургузуу, актоо, сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Айыл өкмөттүн имаратынан маданият үйүнүн имаратына баруучу жолго брусчатка төшөлүп, отургучтар орнотулду. Ага айыл өкмөттүн бюджетинен 272,5 миң сом жумшалды.
Айыл өкмөттөгү таза суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө үчүн жалпы 580 миң сом жумшалып, Каранай, Алашан айылдарына 4 километр алыстыктан таза суу түтүктөрү тартылды.
Жаңы конуштардын көчөлөрүнө жана абалы начар болгон ички жолдорго шагыл төшөөгө 352 миң сом жумшалып, 1,5 км ички жолдор оңдолду. Ошондой эле демөөрчү Азамат Бекмурзаев тарабынан 300 миң сомдук шагыл төгүлдү.
Тургундарды электр энергиясы жана таза суу менен камсыз кылып туруу — айыл өкмөттүн негизги тапшырмаларынын бири болуп саналат. Электр энергиясы үчүн керектелүүчү жабдыктарды сатып алууга 202,2 миң сом жумшалып, 2 даана трансформатор, 250 даана электр мамычалары, 18 миң 300 метр электр чубалгылары сатып алынды.
Ички арыктардын абалын жакшыртуу максатында темир түтүктөрдү сатып алууга 222 миң сом бөлүнүп, 82 метр темир түтүк сатып алынды.
Cарыкаңды айылынын тургуну, жеке ишкер Маматов Нурбек Сарыкаңды айылындагы мүрзөгө 236 миң сомдук курулуштарды куруп берди.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин оңдоп-түзөө иштерине жана чыгыш тарабын тосууга 360 миң сом бөлүнүдү.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынын эскилиги жетип, пластик терезелерди орнотууга 183 миң сом жумшалды. 391 миң сомго кызматтык унаа алынды.
Социалдык тармак, билим берүү
Көк-Жар айыл өкмөтүндө бүгүнкү күндө 8 мектеп иштейт. Алардын ичинен бешөө орто, экөө толук эмес орто жана 1 мектеп балдарга башталгыч билим берип келүүдө. 2019-2020 окуу жылында 5 мектепте 3 миң 509 окуучу билим алууда.
2019-жылы мектеп окуучуларынын билим деңгээлинин көрсөткүчтөрү да жогорулады. Өткөн жылы окуучулар улуттук тесттен алган эң жогорку балл — 204, орточо балл — 134тү түздү. 2018-жылга салыштырмалуу жогорку балл 113 пайызга, орточо балл 105,5 пайызга жогору болду.
2019-жылы республикалык деңгээлде уюштурулган «Билимкана» олимпиадасына айыл өкмөттөн 15 окуучу катышып, грамота менен сыйланышты.
Айыл өкмөт тарабынан мектептерге көп колдоо көрсөтүлдү. Мектептердин оңдоп-түзөө иштери үчүн жалпы 178 миң сом бөлүндү.
«Көк-Жар» инновациялык мектеби, Б.Матаипов атындагы «Алашан» орто мектеби, «Каранай» толук эмес орто мектеби, «Дедек-Бүбү» башталгыч мектебинде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу максатында «Мерсико» жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен иш алынып барылып, аты аталган 4 мектеп ысык тамак менен камсыз болду. Ага айыл өкмөттүн эсебинен 1 млн 450 миң сом жумшалды. «Борбаш» орто мектебинин сыртын оңдоо максатында 370 миң сом бөлүндү, «Дедек-Бүбү» башталгыч мектебинин айланасын тосуу жана класстарды оңдоо максатында 119 миң сомго курулуш материалдары алынып берилди. «Ак-Өтөк» толук эмес орто мектебин көмүр менен жылытуу үчүн 265 миң сом каралып, жылуулук системасы орнотулду. Б.Матаипов атындагы «Алашан» орто мектебине 55 миң сомго 4 даана беседка курулду. М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин спорт залына 130 миң сомго курулуш материалдары сатып алынды. «Көк-Жар» инновациялык мектебине 115,8 миң сомго көмүр сактоочу жай курулуп берилди. «Каранай» толук эмес орто мектебине 88,2 миң сомго 24 парта, стулдар алынды. Мектептердин күз-кыш мезгилиндеги авариялык учурларына 150 миң сом бөлүнүп, көмүр менен камсыздоого 626 миң сом сарпталды.
Айыл өкмөттө бүгүнкү күндө 7 бала бакча иштеп, алар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып келүүдө. Бала бакчаларда азыркы күндө 533 бала тарбияланып жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин тамак-аш менен камсыз кылууга айыл өкмөттүн бюджетинен 1 млн 50 миң сом жана ата-энелердин төлөмүнөн 2 млн сом сарпталды. Бала бакчалардын оңдоп-түзөө иштерине 119 миң сом берилди. «Жийде нуру» бала бакчасынын экинчи корпусунун капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 689 миң сом бөлүнүп, имарат жарактуу абалга келтирилди. Ошондой эле ушул эле бала бакчага 104 миң сомго көмүр сактоочу бастырма курулду. «Сүйкүм» балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 180 миң сом берилди. «Алашан келечеги» балдар бакчасынын эшик, терезелерин пластик эшик, терезелерге алмаштыруу максатында 103 миң сом бөлүндү. «Көк-Жар таңы» бала бакчасынын былтыр бүтпөй калган ашканасына 400 миң сом бөлүнүп, ашкана пайдаланууга берилди. «Таң нуру» балдар бакчасына 60 миң сомго 20 парта, стул алынып берилди. «Жийде нуру» бала бакчасына 162 миң сомго эки кабаттуу керебеттер алынды. Каранай айылынын тургуну Азамат Бекмурзаев 300 миң сомго «Таң нуру» балдар бакчасына жаңы ашкана куруп берди. Бала бакчалардагы күз-кыш мезгилиндеги авариялык учурлар үчүн 150 миң сом берилип, 234,1 миң сомго көмүр менен камсыз болушту.
Социалдык коргоо
Айыл өкмөттөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 280 миң сом бөлүнүп, 72 тургунга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле карыяларга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, балдардын укугун коргоого жана башка жардамга муктаж жарандарга даталуу күндөрдө иш-чаралар уюштурулуп, материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 385 үй-бүлөнүн ар бирине 1 кап ун жана 3 литр май алынып берилди. Каранай айылынын тургуну, жеке ишкер Абдрахман Бекмурзаев жардамга муктаж болгон 60 адамга 3 миң сомдон 180 миң сомго чейинки колдоо көрсөттү.
Инвестиция тартуу
2019-жылы айыл өкмөткө тартылган инвестициялардын суммасы 94 млн 112 миң сомду түздү.
Алашан айылынын тургуну, жеке ишкер Мераждин Батыров тарабынан Көк-Жар аймактык ооруканасына 1 тез жардам унаасы жана 1 кызматтык унаа тапшырылып, төрөт үйү толугу менен капиталдык оңдоодон өтөрүлдү. Аларга 5 млн сом сарпталды. Айыл өкмөтү тарабынан 443 миң сом, АРИС тарабынан 1 млн 331 миң сом бөлүнүп, заманбап үлгүдөгү оор жүк ташуучу унаа алынды. Жийде айылында АРИС жана айыл өкмөт тарабынан 840 миң сомго чоң көпүрө курулду. Республикалык бюджеттен М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 30 млн 700 миң сом каралып, учурда 500 миң сомдук жумуштар аткарылды. Калган иштер быйыл бүткөрүлөт. Алашан айылында «Айыл ынтымагы» коомдук фонду жана айыл тургундары менен бирге спорт зал куруу үчүн 1 млн 200 миң сом жумшалып, курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Бүгүнкү күндө калган жумуштар уланууда. «Айыл банк» ААК тарабынан Сарыкаңды айылынын тургуну Карабай Темировго 3 бөлмөлүү үй курулууда. Учурда 366 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлүп, 2 бөлмөсү бүткөрүлдү. 2018–жылдан бери Швецариянын өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында айыл өкмөттө 3 млн сомдук жардам жана консултациялык кызматтар көрсөтүлдү.
Маданият
2019-жылы майрамдарга 550 миң сом бөлүнүп, тургундар менен биргеликте ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Ал эми ушул жылдын 19-февралында улуттар арасындагы ынтымакты сактоо, айыл өкмөттөгү маданиятты жогорулатуу максатында Эл аралык эне тил күнүнө карата жергиликтүү мекеме-ишканалар жана мектептер арасында сынак уюштурулду.
2019-жылы Талас облусунда өткөрүлгөн Улуттук көчмөндөр оюндарына айыл өкмөттө түзүлгөн «Улуу тоо айымдары» чыгармачыл тобу катышып, өз өнөрүн көрсөтүп келишти.
2019-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата айыл өкмөттүн тургундарына жеке ишкер Памирбек Жолболдуев тарабынан 3 унаа жана акчалай сыйлыктар коюлган, ошондой эле Абдрахман Бекмурзаев тарабынан акчалай сыйлыктар берилген ири иш-чаралар өттү.
Диний экстремизм жана спорт
Диний экстремизмди, терроризмди алдын алуу жана болтурбоо максатында «Коопсуз ордо» жана Бирдиктүү алдын алуу күндөрүнүн алкагында бир нече иш-чаралар өткөрүлдү.
Көк-Жар айыл өкмөтүндө өспүрүм балдардын коопсуздугуна жана ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында ата-энелер комитети жана мектеп директорлору, социалдык педагогдор менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүндө көптөгөн спорттук иш-чаралар уюштурулууда.
Айыл өкмөт тарабынан жергиликтүү спортчуларды колдоого 150 миң сом бөлүнүп, ал каражат спортчулардын мелдешке кеткен чыгымдарына жана байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга сый акы катары берилди.
«Спорттун пенчак-силат түрү боюнча Кыргыз Республикасынын кубогу айыл өкмөтүбүздүн "Каранай" спорт залында өттү. Спорттун эрежесиз эр уруш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигин айыл өкмөтүбүздүн Каранай айылынын тургуну Умар Жусупов багындырып, "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унааны утту. Пенчак-силат боюнча Ысык-Көл облусунда өткөн Азия чемпионатына айыл өкмөтүбүздөн 14 спортчу катышып, 9 алтын, 4 күмүш, 1 коло медаль утуп алышты. Кикбокс боюнча Жалал-Абад облусунда өткөн Азия чемпионатына айыл өкмөтүбүздөн 5 бала катышып, 2 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль утуп келишти. Алмата шаарында жаштар арасында өткөн спорттун ММА түрү боюнча Дүйнө биринчилигине айыл өкмөттөн 10 спортчу катышып, 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль жеңишти. Бул жетишкендиктердин натыйжасында "Каранай" спорт клубу Кыргызстандагы 5 мыкты спорт клубдардын катарына кирди. Мындай ийгилик үчүн "Каранай" спорт клубунун машыктыруучусу Аким Артыков агайга терең ыраазычылык билдиребиз», - деди айыл өкмөт башчы Саттарали Миңбаев.
Көк-Жар айыл өкмөтүнө милиция бөлүмү, паспорт мекемеси, банкомат, банктар, базар жакын жайгашып, жашоочулардын райондун борборуна баруу муктаждыгы жокко эсе.
Саттарали Миңбаев Көк-Жар айыл өкмөтүндө иштегенине 30 жылдай болду. Ал эми айыл өкмөт башчысы кызматында 3 жылдан бери шитеп келет.