Turmush — Ош технологиялык университетинин командасы Ош шаарында айымдар арасында өткөн волейбол мелдешинде 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Мелдеш Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Ага 28 команда катышты. Алардын ичинен 18 команда мекеме-ишканалардын курама командасы болсо, 10 команда жогорку жана орто окуу жайлардын атынан күч сынашты.
Мелдештин негизги максаты — республикалык, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн Ош шаарындагы мыкты спортчуларды тандап алуу, спортту пропагандалоо.
Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.