Turmush — Чүй облусунун Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыровдун демилгеси менен былтыр Кемин шаарынын борборуна флагшток орнотулуп, бүгүн, 3-мартта анын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын туусун гимндин коштоосунда көтөрүү менен башталды. Шаардык кеӊештин төрагасы Кубат Мамыров мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгына 28 жыл толушу менен куттуктап, эгемен өлкөнүн өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилердин бири — мамлекеттик туу экенин айтты. Ошондой эле, тургундарды мамлекетти сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого чакырды.
«Кемин району менен Кемин шаарынын борборуна орнотулду. Бул элдин патриоттуулук, мекенчилдик сезимин ойготот. Максатыбыз — элди ынтымакка чакырып, шаарыбыздын өнүгүп-өсүшүнө салымыбызды кошуу. Мына ушул тилекте орноттук», - деди ал.
Иш-чарага Кемин шаарынын мэри, шаардык кеӊештин депутаттары, аксакалдар кеӊеши жана тургундар катышышты.
Орнотулган желектин сабынын узундугу 20 метр, ал эми желектин узуну 3 метр, туурасы 2 метрди түзөт.
Кыргыз Республикасынын туусун 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган.