Turmush — Ош мамлекеттик университетине караштуу «Билим» лицейинин жана «Ыйман» мектеп-гимназиясынын окуучулары предметтик олимпиаданын республикалык туруна жолдомо алышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
«Билим» лицейинин жана «Ыйман» мектеп-гимназиясынын окуучулары облустук олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеп, жолдомо алышкан.
Бүгүн, 2-мартта ОшМУнун административдик кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков облустук олимпиадада алдыңкы орундарды алган окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди куттуктап, республикалык турда ийгиликтерди каалады.
Облустук олимпиадада «Билим» лицейинин 10-классынын окуучулары: Муратбек кызы Айгерим биология сабагынан 1-орунду, Кумар кызы Аида география сабагынан 2-орунду ээлеген. Лицейдин 11-классынын окуучусу Абдисалам кызы Элина математика сабагынан 3-орунду алган.
Ал эми «Ыйман» мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучулары: Касымбек уулу Муса орус тили сабагынан 1-орунду ээлесе, Мукумова Гүлбурак география сабагынан 3-орунду, Назирбек уулу Алишер физика сабыган 3-орунду, 9-классынын окуучусу Экуббекова Шахзода математика сабагынан 3-орунду алды.