Turmush — Ош технологиялык университетинде стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Мелдеште өлкөнүн түштүк аймагындагы эң мыкты командалар күч сынашкан. Ага ОшТУнун атынан Розалина, Виктория, А.Орозбеков да катышты. Мелдеш 3 турдан өтүп, биринчи турдун жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун атынан катышкан Розалина, 2-орунду ардагерлер, 3-орунду ОшТУнун атынан катышкан Виктория жеңип алды. Аларга баалуу белектер тапшырылды.
Ошондой эле мелдештин экинчи күнүндө Өзбекстандын 2 курама командасы, Ош шаарынын жана Баткен облусунун мыкты командалары да катышты. Анын жыйынтыгында 1-2-орунду Өзбекстандын Андижандан келген эки командасы, ал эми 3-орунду Ош шаарынын командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.