Turmush — Кечээ, 1-март күнү Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Пайгамбарга кат» сынагы өттү.
Иш-чарага Ош облусунун бардык райондорунан келген 1,5 миңдей адам катышты. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, куран китебинин кыргызча соңку котормосунун автору Садыбакас ажы Доолов кыз-келиндерге баян айтышты.
Уюштуруучу жана демөөрчүлөрдүн бири Саида Сайпидинова сынак тууралуу айтып берди.
«Буга чейин ислам динине кызмат кылып келе жаткан эже-сиңдилер менен бир иш-чара өткөрүү максатыбыз бар болчу. Ал эми Садыбакас Доолов устатыбыздын “Пайгамбарга кат” сынагын уюштуруу ою бар экен. Анан “Миңбар медиа” менен бирге ушул сынакты уюштурууну туура көрдүк. Алгач адам келбей койсочу, аз эле адам кат жазып калсачы деп ойлонгонбуз. Бирок бири-биринен угуп, башка облустардан, керек болсо Россиядан да кат жазып, жалпы 1 миңдей кат келди. Өзбек, уйгур, орус, тажик, ооган улутундагы адамдардан да каттар келди. Баш байгеге бир адамга умрага жолдомо ыйгарабыз дегенбиз. Бирок каттардын саны көбөйүп кеткендиктен Садыбакас ажынын Сербия мамлекетинде иштеп жүргөн шакирти дагы умрага бир кишилик жолдомо алып берди. Ошону менен эки адамга жолдомо, андан кийинки орундарга муздаткыч, сыналгы, кир жуучу машина, идиш-аяктар байгеге коюлду. Алгач 4 демөөрчү болсо, жакшылыкка себепчи болобуз деген айымдар дагы кошулуп, белектер көп болду. Каттарды түнкү саат бир-экиге чейин окуп, калыстык үчүн медреседе иштеген устаттарды чакырдык. Талашуу-тартышуу болду. Тандалгандарын Садыбакас ажыга бердик. Негизи умрага жолдомого татыктуу алты кат болду, бирок каражаттын жетишсиздигинен экөөнө гана ыйгарууга туура келди. Тандалган каттарды устат эки күн окуп, өзү жеңүүчүлөрдү тандап алды. Максатыбыз — Мухаммед (С.А.В.) пайгамбарыбызга болгон сүйүүнү ойготуу», - деди Саида Сайпидинова.
Анын айтымында, иш-чара бүткөн соң Садыбакас ажыга Орусия менен Казакстандан байланышып, сынакты эстафета катары өткөрүп берүүнү суранышкан.
Сынактын демөөрчүлөрү жана уюштуруучулары — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов, жеке ишкер айымдар: Эрита Асыранова, Чынара Садыкова, Саида Сайпидинова болушту. Сынакта 80ден ашуун ыктыярчы жардам берди. Алардын эң эле улуусу 65 жаштагы аял киши болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулуп, Садыбакас ажы Мухаммед (С.А.В.) пайгамбар тууралуу суроо берип, туура жооп бергендерге белектер тапшырылды.
Ал эми умрага жолдомону ноокаттык 61 жаштагы Разия Бекматова жана чоң-алайлык 39 жаштагы Бактыгүл Сайпидинова утуп алды.
Андан тышкары Баткен облусунун тургуну Алмакан Маматова чаң соргуч, Алай районунун тургуну Шарипа Ташкулова кир жуугуч машина, Кара-Суу районунун тургуну Фарида Касымова сыналгы, Сузак районунун тургуну Раат Момунова муздаткыч жеңип алды.