Turmush — Ош шаарында жыл башынан бери 1 жана 2 бөлмөлүү эски батирлердин баасы кымбаттаганы байкалууда. Аны менен катар 104 жана 105-сериядагы 3 бөлмөлүү батирлердин баасы төмөндөдү. АКИpress-Ош шаардагы турак жай рыногун анализдеп көрдү.
Turmush басылмасы курулуш компанияларды жана риелторлорду кызматташууга чакырат. Биз менен (312) 45 66 72, (312) 65 02 04 телефон номурлары аркылуу байланышып же aimak.akipress@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыз.
Ош шаарында 1 жана 2 бөлмөлүү эски батирлердин баасы январь айында 3,5-7 пайызга кымбаттаган. Ал эми 104 жана 105-сериядагы 3 бөлмөлүү батирлер учурда 27 миң доллардан 35 миң долларга чейин бааланууда.
Ош шаарындагы премиум жана эконом-класстагы батирлердин 1 чарчы метри 500-550 доллардан башталат. Мониторингдин жыйынтыгына таянсак, жаңы курулган көп кабаттуу үйдөгү батирдин 1 чарчы метри орточо 500 долларга бааланат.