Turmush — Талас облусундагы Жерүй кениндеги алтын бөлүп алуучу фабриканын курулушу кызуу жүрүп жатат.
Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, фабриканын комплексинде 15тен ашык курулуш бар. Алардын катарында ар кандай складдар, металлды ээритүүчү, калдыктарды сактоочу, суу бөлүштүрүүчү жайлар, насостук станциялар, электр менен камсыздоочу станциялар, көзөмөл-өткөрмө пункттар курулуп жатат. Курулуштарда айлана-чөйрөнү коргоого көп көңүл бурулат. Атайын уюм менен мурда колдонулган желим баштык, желим бөтөлкө, иштетилген май, темир, отун калдыктарын, кагаздарды, эски дөңгөлөктөрдү өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Жер кыртышы күйүүчү-майлоочу майлар менен булганбайт жана кыртышка зыяндуу заттар төгүлбөйт. Пайда болгон катуу калдыктар келишим түзүлгөн уюмга өткөрүлүп берилгенге чейин атайын убактылуу сактоочу жайда сакталат.
Курулуштун жүрүшүн Кыргызстандагы ушул сыяктуу объекттердин курулуштарында иштеп, тажрыйбалуу болгон жогорку квалификациялуу адистерден турган топ көзөмөлдөйт. Курулуш иштери Талас облустук мамлекеттик архитектура жана башка түзүмдөр менен бекитилген долбоордук документацияга ылайык жүргүзүлүүдө. Долбоордук документация экологиялык экспертизадан, өндүрүштүк коопсуздук экспертизадан, өрткө каршы күрөшүү экспертизадан жана Мамкурулуштун экспертизасынан өткөн.
Кенге 2 км жакын жайгашкан айылдарда абанын, суунун абалын текшерүү иштери 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жылына 4 жолу — ар бир 3 айда 1 жолу жүргүзүлөт. Чүй экологиялык лабораториясынын кызматкери Елена Журавлева бул текшерүүлөр кен казуу иштери башталганда аймакта өзгөрүүлөр болсо тезинен байкоого мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын белгиледи.
«Негизинен бул алынган үлгүлөрдү биздин гана эмес, башка көз карандысыз 5 лабораториянын адистери изилдөөгө алып, анан бардык изилдөөлөр топтолгондон кийин бир корутунду чыгарылат», - деди ал.
Максат Базарбаев бул компанияда эколог болуп эмгектенет. Ар күнү иши таң эрте башталып, ар бир жасалып жаткан жумушта экологияга терс таасири жоктугун байкоого алат. Жерүй кенинде алгачкы алтын жакынкы күндөрү алынат. Ал үчүн учурда фабриканын курулуш иши аяктоо алдында турат. Буга катар эле калдык сактоочу жай дагы талаптагыдай курулуп бүтөйүн деп калды. Алтын өндүрүлүп баштаса экологияга эч кандай терс таасир тийбейт. Бул жерде бардык техникалык эрежелер туура сакталган. Андыктан облус тургундарына эч кандай кооптонгонго негиз жок.
«Негизи алгачкы алтын жакында күндөрдө өндүрүлүп баштайт. Ага чейин курулуш иши тынбай жүрүүдө. Бул жердеги жумушчулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү жарандар. Бир гана тоо-кен тармагында билими жана тажрыйбасы жетиштүү адистер башка аймактардан келгендер.
Калдыктарды сактоочу жерде көптөгөн технологиялар сакталган. Технологияларга ылайык геомембрана төшөлгөн аянтка толугу менен санитардык коопсуздук зонасы белгиленген. Санитардык коопсуздук зонасы жакынкы Кара-Ой айылынан 2 км алыс, Сасык-Булак айылынан 3 км алыс жайгашкан. Калдык сактоочу жайдан берилген калдыктар жарым-жартылай кургак түрүндө сакталганына байланыштуу, санитардык коопсуздук зонадан чыкпайт», - деди Базарбаев.
Компаниянын башкы технологу Нурлан Мамырбаев калдык сактагыч жайдын курулушу менен тааныштырып, кендеги экологиялык коопсуздук үчүн жаңы технологиялар менен жабдылып жатканын билдирди.
«Албетте, билбеген, түшүнбөгөн нерселер ар дайым ар бирибизде эле коркунуч, кооптонууларды жаратат. Баса белгилей кетчү нерсе, бул завод жана калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздук чаралары европалык жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык, эң жогорку деңгээлде иштелип чыккан. Алтынды иштеп чыгарууда колдонулган цианид боюнча айтсак, ал ачык абада өз касиеттерин өтө тез жоготуучу биологиялык курам болуп эсептелет. Андыктан цианид аралашкан топурак же суудан адамга зыян келтирүүчү даражага жетүү өтө кыйын же мүмкүн эмес деп толук айтууга болот», - деди ал.
Калдык сактоочу жайдын инженери Айзада Мамбеткул кызынын айтымында, учурда алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши дээрлик аяктайын деп калды.
«Андыктан мында иштегендер күн-түн тыным албай, бардык жумуштарды жасашууда. Бул жерден алтын чайкалганы менен суу сыртка чыкпайт. Ошондуктан жергиликтүү жарандар эч кандай кооптонбой эле койсо болот», - деди ал.
Өндүрүштүн окуу боюнча мастери Турат Асанов Жерүй кени толук кандуу ишке кирсе жалпы өлкөнүн казынасына каражат түшөрүн кошумчалады.
«Эгерде иш ыргагы дал ушундай тынымсыз жүрсө, жакынкы күндөрдө жумуштардын бардыгы соңуна чыгып, айдын ортосунда алгачкы алтын өндүрүлмөкчү. Жерүй кени толук кандуу ишке кирсе, Талас облусунун эле эмес, жалпы өлкөнүн казынасына каражат түшүп, элдин жашоо турмушунун оңолушуна шарт түзүлмөк», - деди Асанов.