Turmush — «Альянс-Алтын» компаниясы Жерүй алтын кенинде 780 жумушчу орун түздү. Бул тууралуу компаниянын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.
Анын айтымында, аталган жумушчулардын ичинен 530 адам жергиликтүү тургундар болуп эсептелет. Анын ичинен 270 жумушчу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары. Калгандары Талас облусунун башка аймактарынан келген. Башка облустан келген жарандар — булар фабриканы иштетүүчү, жогорку билимдүү, мурда алтын кендеринде иштеп жүргөн, тажрыйбасы бар адистер. Жумушчулар вахта режиминде 1 айда 15 күн иштеп, 15 күн үйүндө болушат.
«Ал эми биз башында лицензия алып, келишимде көрсөтүлгөн фабрика курулуп бүткөнгө чейин Кыргызстандын жарандары 70% болот. Чет өлкөлүк жарандар 30% түзөт. Курулуп, иштеп баштагандан кийин 90% болот. Чет өлкөдөн келген атайын адистер 10%ды түзөт. Бүгүнкү күндө биз ошол лицензия келишимдеги шартты, тартипти толугу менен аткарып жатабыз жана мындан ары да ошондой болот.
Кандай негизде жумушка тандалып алынган? Биз 5 этапта атайын Талас облусунун тургундарына окууларды өткөргөнбүз. Булардын ичинде фабрикада иштей турган адистер, андан тышкары айдоочулар, жүк ташуучулар, ширетүүчүлөр бар. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдында окуу борбору бар. Ошол окуу борбор менен келишим түзүп, алардан атайын окутуучулар келип, Жерүйдүн өзүндө практикалык окуудан өткөргөнбүз.
Андан тышкары фабрикада иштей турган адистерди Казакстандын Степнагорск шаарына алып барып, ал жерде да окутууларды өткөрүп келдик. Бул окутуулардын баары компаниянын эсебинен жүргүзүлдү. Ошол окуп келген балдардын баары сертификаттарын алып, алардан 56 киши жакында эле 2 вахта менен жумушка киришти. Эми да окуган балдардын четинен окуу учурунда, Казакстанда өткөн сыноо учурунда алган бааларына жараша жумушка орноштура баштайбыз», - деди ал.
Кундуз Сабатарова Жерүй кениндеги жатаканаларда бөлмө жыйноочу болуп 4 жылдан бери эмгектенип келет.
«Бул жакта иштегениме 4 жыл болду. Бул жакта жатаканасында бөлмө жыйноочу болуп иштейм. Мурун Талас шаарында кафелерде идиш жууп иштечүмүн. Стабилдүү айлык болбогондуктан балдарды багуу кыйынга турчу. Күнүмдүк акча күнүмдүк оокат-ашка эле кетип калат эмеспи. Өзүм 3 балам менен жалгыз бой энемин. 4 жыл мурун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жумушка сынак жарыяланып, мен документтеримди тапшыргам. Кудай буйруп өтүп кеттим. Бул жакта жумуш стабилдүү, айлыгыбызды убагында алабыз. Шарттары жакшы, 3 маал тамактанабыз. Кызымдын окуусунун акысын төлөп, окутуп жатам», - деди Кундуз айым.