Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Ош облусуОш 18.01.2020 10:00 На русском

«Көзүм өткөндөн кийин 10 жыл күтөм...»: Рыспай Абдыкадыровдун өкүнүчү, акыркы күндөрү жана ушактар. Сүрөт

Рыспай Абдыкадыров кызы менен
Рыспай Абдыкадыров кызы менен

Turmush -  Кыргыздын залкар обончусу жана классикага айланган ырлардын аткаруучусу Рыспай Абдыкадыровдун көзү өткөнүнө быйыл 26 жыл болду. Анын артында тарых барактарынан өчпөй турган чыгармалары калды. Аларды азыр да эстрада жылдыздары аткарып келишет.

Turmush басылмасынын кабарчысы маркум Рыспай Абдыкадыровдун жашоосу, мүнөзү, чыгармачылыгы тууралуу кызы Сюита Абдыкадырова менен маектешти.

Р.Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунун Кыз-Булак айылында туулган. Ал 1994-жылы 12-сентябрда узакка созулган оорудан каза болду.

Сюита Абдыкадырованын балалыгы жана ата-энеси

- Мен үчүн дүйнөлүк композитор, ырчы, адабиятчыларды таанышыма, классикалык музыканы ажыратып билүүмө, интеллектуалдык жактан өсүшүмө атамдын чоң орду бар. Атам обончу, аткаруучудан сырткары дүйнөлүк музыкага кызыккан, интеллекти жогору адам болгон. Дүйнөлүк композитор, сүрөтчү, актер, жазуучулар тууралуу мага да айтып бергени үчүн атам дүйнөдөгү эң идеалдуу адам болуп көрүнчү. Менден да ошону талап кылчу. Атам эч качан өзүн гениалдуу, кыйын музыкантмын деп айткан эмес. Өзүн «чала музыкантмын» деп эсептегендиктен, «мен албаган музыкалык билимди кызым алсын» деп аракет кылчу. Менин 16 жылдык музыкалык билимим бар, өзүмдү профессионалдуу музыкантмын деп эсептейм. Ата-энем экөө тең чыгармачыл адамдар болгондуктан бала кезимде гастролдордо атамды ээрчип жүрүп чоңойгом. Мага балдарга арналган ырларды жазып берчү, ошолорду ырдачумун.

- Ата-энем 1968-жылдары жаштардын слётунда (чогулуш) тааныштары аркылуу таанышып калышкан. Апам 13-14 жашында радиодон атамдын ырларын, коцерттерин чыдамсыздык менен күтүп, ырларын укчу экен. Үй-бүлөсүнө «мен ушул ырчыга турмушка чыгам» деп айтса, аны тамаша катары көрүшүп, «кой, анын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар» деп күлүп коюшчу экен. Ошондо периштелер дуба кылып коюшкан го... Атам апам менен таанышкандан кийин Ошко келип, апамды издеп, пахта теримден ала качып кеткен. Таята-таенем өзүңдөн улуу кишиге турмушка чыгып алдың деп көпкө чейин капа болуп жүрүшкөн. Ата-энемдин ортосунда 10 жаш айырма бар эле. Атамдын апама чейин эки жубайы болгон. Биринчи жубайынан эки, экинчи жубайынан 1 кызы бар. Алар менен катташып турам. Улуу кызы Алтынчачтын жүзү атама окшош.

Ата-энем 25 жыл бирге жашашты. Чыгармачыл адамдар сулуулукту сүйүшөт, анан сезимдер менен жашашат. Аны талкуулоого акыбыз жок. Убагында атамдын сүйүүлөрү тууралуу ар түрдүү ушактар айтылган. Апам көрөгөч аял болгон. Атам экөө окуу жайда мугалим болуп иштеп жүргөндө окуу жайга сулуу кыздар келип калса, «ушул кыз Рыспайга жагат болуш керек» деп калчу. Кайра «кыздарды жактырып калса, жаңы ыр жаралат» деп кубанам дечү. Эч качан атамдын бутун тушап, менден башканы сүйбө деген эмес. Атам, апам, мен — үчөөбүздүн жашоо образыбыз дагы башкача болчу. «Бул бала, анын алдында чоң маселелерди сүйлөшпөйлү» дешчү эмес. Достордой эле чоңойдук. Атамдын өзүнүн башка ааламы бар болчу. Ал романтикалуу, көз карандысыз эле. Мен дагы өзүм менен өзүм пианинодо ойноп же китеп окуп жүрө берчүмүн. Апам үчөөбүздүн башыбызды бириктирип, эшиктин алдында тамагыбыз менен кийимибизди кармап турчу.

Рыспай Абдыкадыровдун мүнөзү

- Атамды тааныгандар анын чынчыл, бетке чабар ачык мүнөзүн белгилешет. Жасалма күлгөн адамды дароо таанып, бетине айтып салчу. Ушул жерден элге ыраазычылык билдиришим керек. «Эрке балабыз» деп, атам урушуп койсо да «Рыспай аке» деп келе беришчү. Атам жөнөкөй, карапайым адамдарды кадырлап, үйгө келсе болушунча ырдап, конокточу. Атамдын бетке чабар жана жөнөкөй мүнөзү кыздарында да бар. Фамилиябызды бирөө сурап калып гана айтпасак, өз пайдабыз үчүн пайдаланган жокпуз. Мурдубузду көтөрүп, төшүбүздү кагып, мен Рыспайдын кызымын деген жокпуз. Жөнөкөй мүнөзү менен шаардык кеңештин депутаты болгонуна күлүп калабыз. Үйүбүздө саясат тууралуу сүйлөшчү эмеспиз. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына «сиз талапкерлигиңизди койсоңуз өтүп кетесиз» деп жатып койдурушкан. Он-Адырдан добуш алыш керек болуп, ал жакка бай адамдар барып, көп убадаларды беришиптир. Атам болсо «мен ырларымдан башка нерсени убада кыла албайм. Тоюңарга чакырсаңар, бекер ырдап берем» дептир. Ошентип жылдызы менен эле көп добуш алып, шаардык кеңешке өтүп кеткен.

Ушактар

- Атамдын өзү, ырлары тууралуу түрдүү, мисалы «кол салуу болуп, тилин кесип кетиптир, бычактап кетиптир» деген ушактар айтылып турчу. Бирок атамдын чыгармачылыгынын алдында каракчылар деле ага баш ийишчү. Бир жолу апам атама ондатранын терисинен тумак тиктирип берген.Атам күндө үйдөн чыгып баратканда апам «тумагыңды жоготпой кел» деп чыгарчу. Атам «анда мойнума тигип бер» деп күлүп калчу. Бир күнү кечинде подъездге кирип келе жатканда бирөө анын башынан тумагын жула качыптыр. Ал атамды тааныбаган адам болсо керек. Ошондой маалыматтар бири-бирине кошулуп айтылып, көбөйүп кетчү. Жаңы ыры чыкканда бир сүйгөнүнө арналыптыр деп сөз чыгарып жиберишчү. Мисалы, «Биз экөөбүз» деген ыры апам экөө жаңы үйлөнгөндө апама арналып жазылган. Ал эми «Алмашым» деген ыры тууралуу укмуш кептер чыгып кеткен. Атам 9-10-классында Алмашым деген классташын жактырып калыптыр. Бирок ал кыз байдын кызы болуп, атамды тоготчу эмес. Кийин аталган ыр тууралуу түрдүү ушактар чыкканда атам күлүп, «жаш кезде болгон да эми» деп калчу. Жыйынтыгында жини келип, ырды репертуарынан алып салган. Бирок архивде калып калды. «Рыспайдын жолун улаган небереси Россияда ырдап чыгыптыр» деген дагы сөздөр чыкты. Бирок атамдын неберелери төшүн кагып, небересимин деп чыкчу адамдар эмес. Ал калп. Атамдай обончу, гениалдуу адамдын кайра жаралышы кыйын. Атамдын «артымда уулум калган жок» деген өкүнүчү болгон. Азыр менин неберелерим жалаң уул болуп, кыз төрөлсө экен деп калдык. Атам буларды көргөндө кубанмак. Атамдын фамилиясы өчпөсүн деп кичүү уулума Абдыкадыров деген фамилияны ыйгарганбыз.

Ырчынын соңку күндөрү

- 1970-жылдан баштап атам бөйрөктүн кургак учук оорусу менен ооруп, эки жыл сайын дарыланып турчу. Сезгич адам эле. Акыркы күндөрү конокко барганды эле каалап калган. Туулган жерине, андан соң кайын журтуна барып, көпкө чейин бир жерди тиктеп отуруп калчу. Анан апама: «Далиш, көзүм өткөндөн кийин 10 жыл күтөм. Артымдан барбасаң, келип алып кетем» десе, апам «сага барбайм» деп тамашалашып калышчу. Бирок атамдын көзү өткөндөн 10 жылдан кийин апам да артынан кетти.

Бурмаланган тарых

- Жакында эле атам тууралуу 6 томдук эскерүү китеби чыкты. Анда атамды билген кишилер, замандаштары, жакындары эскериптир. Ошол китептин кээ бир жерлерин окуп, ачуум келди. Себеби кээ бир жери бурмаланып калган. СССР убагында коммунисттик партиянын облустук комитетинин үчүнчү секретары китепте экинчи катчы катары берилип калган. Анан ал маданият бөлүмүнө жооптуу болчу. Атамды «сен сүйүүдөн башканы ырдабайсың, партияны мактабайсың» деп концерттерге катыштырбай, кууп чыкчу. «Сен жеңил ойлуусуң» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, атамды көп капа кылган. Китепте ошол киши Р.Абдыкадыровду колдоп, көтөрмөлөгөн деп жазылыптыр. Мен атам канча ирет ошол кишинин айынан ыйлаганын билем. Атамды колдогон киши Султан Ибраимов болгон.

Репертуарындагы анча белгилүү эмес ырларын ырдашса...

- Эмнегедир ырчылар дайыма ырдалып жүргөн чыгармаларын аткара беришет. Элге анча таанылбаган «Ак булут», «Ак кеме», «Коштошуу», «Ай тумар», «Жаныңда жүрүп өгөйү болдум сүйүүнүн» деген ырлары бар. Өзүм ырчы болгондо ушул ырларын тандамакмын. Эл Рыспайдын 3-4 эле ыры болуптур деп калышат да. Бирок унутпай ырдап жүрүшкөнүнө да шүгүр кылам.

Сюита Абдыкадырова учурда 2 кыз, 1 уулдун апасы. 50 жашта. ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде декандын социалдык жана тарбиялык иштер боюнча орун басары болуп эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×