Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 17.01.2020 17:24

Маркум ырчы Чубак Сатаевдин уулу айылда эмне менен алек? Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 34 жаштагы тургуну Таалай Сатаев атасы Чубак Сатаевдин жолун жолдоп, ырчылык менен алектенип жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, атасына окшоштургандар көп.

«Атам кыргыз элине белгилүү адам, обончу жана композитор болгон. Элине 13 жыл кызмат кылып, бир топ обондуу ырларды жараткан. Балким арабызда бар болгондо мындан да жакшы обондорду жаратып, аты алыска чыкмак беле деп калам. Тилекке каршы 1993-жылы каза болду. Апам Айша менен 21 жашында баш кошкон экен. Артында 2 уулу калды. Акем Кубаныч Сатаев таанымал ырчы. Мен үйдүн кенжеси болгондуктан айылда жашайм. Кадимки эле эл кылган дыйканчылык иштери менен алек болом. Орто мектепти 2004-жылы аяктаган соң Бишкек шаарына барып 1 жыл окуп, кийин окубай айылга баса бергем. Айылда жумуш бүтпөйт эмеспи. Жаз келгенден күз келгенге чейин талаа жумуштары менен жүрөм. Кышында гана бир аз эс алып каласың. Ошол убакта кыяк тартып, атамдын ырларын ырдап калчумун.

Элдин көпчүлүгү мени атама окшоштурушат. «Атаңа куюп койгондой окшош экенсиң. Ырчы болсоң Чубак Сатаев агабыздын өзү болмок экенсиң» деп көп айтышат. Бир үйдөн бир адам чоң сахнада жүргөнү жетет. Өзүм чакыруулар боюнча концерттерде, тойлордо ырдап коём. Кээ бир инсандар «атаңдын ырларын бир созолонто ырдап берчи» деп атайын чакырып калышат. Чакырган жерден баш тартпайм, барып ырдап берем. Көбүнчө «Ак бата», «Кыздар ай», «Түштүк кыз» «Арман ай», «Энекем» деген ырларын ырдайм. Бош убактымда баян тартам. Балким атам болгондо атам менен ээрчишип, ырчы болмок белем деп калам. Бирок атамдын атын өчүрбөй келе жатканыбызга сүйүнөм. «Сенин үнүң атаңдын үнүндөй экен» деп көп айтып калышат. Бул мен үчүн сыймык. Атанын уулу болуш эң чоң сыймык эмеспи. Кээ бир тааныбагандар «сен чындап эле Чубак Сатаевдин уулу болосуңбу?» деп сүрөткө түшүп калышат», - деди ал.

Таалай мырза үй-бүлөдө 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×