Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Чүй облусуКемин району 17.01.2020 12:56 На русском

Депутаттын кызы С.Үмөтова жол боюнан кайсы атактуулар жүгөрү аларын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаӊы-Жол айылынын тургуну Сабира Үмөтова Кемин районундагы айланма жолдо казанга бышкан жүгөрү сатып, соода кылып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1959-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Көк-Мойнок айылында төрөлгөн. Өзүнүн айтымында, атасы убагында Тоӊ районунун депутаты болгон.

«Билимим орто. Бир туугандарымдын көбү медицина жана айыл чарба багытында билим алышып, алды жакшы кызматтарда иштеп жүрүштү. 12 бир тууганбыз, мен экинчиси болом. Азыр сегизибиз калдык. Төрт бир тууганым каза болуп калган. Атам Тоӊ районунун депутаты болгон. Тоодо мал да багышчу. Биз чоӊ ата, чоӊ эненин колунда өсүп калдык. Кийин бизди билимдүү болушсун деп Фрунзеге алып келип, №1 мектеп-интернаттан окутушкан. Андан кийин Төмөнкү Маевка айылында билим алдык. Ата-энем 1973-жылы ушул айылга көчүп келип, 9 бөлмөлүү чоӊ үй курушкан. 12 бир тууган теӊ бир жерде окугандыктан мугалимдер «Үмөтов, Үмөтовалар» деп жакшы таанычу. Анткени баарыбыз жакшы окучубуз.

Мен болсо 1979-жылы Кемин районунун Жаӊы-Жол деген айылынын тургуну Аманкелди Алишеровго турмушка чыктым. Абышкам экөөбүз ушул жерде агарып-көгөрдүк. 2 кыз, 2 уул, 5 неберебиз бар», - деди ал.

Сабира апанын жүгөрү сатып жатканына 2 жыл болду.

«Мен башында Муздак суу аймагында тамак-аш сатып, соода кылчумун. Бул жакка келип, жүгөрү бышырып сатып жатканыма 2 жыл болду. Муну менен бирге үйдө дыйкан чарба, мал чарбаны иштетебиз. Бул кошумча киреше. «Артык дөөлөт баш жарбайт» деген кеп бар. Анын үстүнө союздун кишилери үйдө жөн отура албай калат экен.

Бизде азыр илгеркидей кыргыз жүгөрү жок. Голландиядан келген жүгөрүнү сатабыз. Себеби, кыргыз жүгөрүнүн бир сабагына 2-3 гана жүгөрү байласа, бул Голландиядан келген жүргөрүнүн бир сабагына 7-8 баш жүгөрү байлайт. Ошондой эле бул жүгөрү чоң келип, даамдуу болот экен. Биз өзүбүз дагы өстүрүп, Баткен, Оштон, Чүйдүн аймактарынан кошумча сатып алабыз. Жаӊы үзүлгөн жүгөрүнү муздаткычка салып, кыш-жаз айларында бышырып сата беребиз. Муздаткычка салганда сынын кетирбей, жаӊы үзүлгөн жүгөрүдөй болуп турат. Бир даанасын 50 сомдон сатам», - деди ал.

Жол боюндагы кызыктуу окуяларды да айтып берди.

«Жайында чет өлкөдөн келген туристтер токтоп, сатып алышат. Белгилүү инсандар дагы Ысык-Көлгө эс алууга бара жатканда сатып алышат. Бир жолу ырчы Кубанычбек Ажыбаев келди. «Балам, сен "Сулууларга суктанууга акым бар" деген ырды аткарчу белең» десем, «оба, мен» деди. Мен ал алган жүгөрүлөрдү баштыкка салып, колуна карматсам, «апа рахмат, батаӊызды берип коюӊуз» деди. Мен ага батамды бердим. Андан кийин «Көк бөрү» тасмасында роль жараткан бир актер келип калды. Ага дагы алган жүгөрүсүн баштыкка салып берип, «уулум, сен актерсуӊ. Туура айтып жатамбы?» десем, «ооба апа, жүгөрүгө рахмат» деп алкышын айтты. Ага дагы батамды бердим.

Кээде казанга бышкан жүгөрүгө талгак болуп, атайын келген келиндер да болот. Аларга да алакан жайып, «кыргыздын мыкты уул-кыздарын төрөп, ден соолукта, бактылуу болгула» деп батамды берем.

Элге, өлкөмө биринчиден тынчтык каалайм. Бөөдө кырсыктан, айттырбай келген апааттан Кудайым сактаса, ар бир үйдө бактылуулук жана элим ынтымактуу болсо, калганы баары болот», - деди Сабира апа.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×