Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Талас облусуТалас району 17.01.2020 09:13

«Эжеке, чыгып туруңузчу, мен кийинип алайын»: Айылдагы мугалим менен окуучу (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Элнура Солпубекова 22 жылдан бери орус тилчи мугалим болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таластын Көк-Ой айылында төрөлгөн.

«Чоң атам кыргыз тил сабагынан мугалим болчу. Чоң атамдын жүрүм-турумуна, балдарга болгон мамилесине, сабак өткөнүнө аябай кызыкчумун. Ошондогу кыялым ишке ашып, мугалимдик кесипти аркалап келем. Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана орус адабияты бөлүмүн 1998-жылы бүттүм. Алгачкы эмгек жолум өзүм окуп бүткөн мектепте башталды. Ал мектепте 2005-жылга чейин эмгектендим. Анда башталгыч класстардын окуу бөлүм башчысы болуп, кийин директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектендим. 2005-жылы Талды-Булак айылына келип, директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп, 2007-2010-жылдары Бишкек шаарындагы №72 мектепте орус класстарга кыргыз тилчи мугалим болдум. 2011-жылдан бери Талды-Булак айылындагы мектепте орус тилчи мугалим болуп иштеп келе жатам. Ага катар 3 жылдан бери мектептеги профсоюз уюмунун төрайымы болуп эмгектенем. Мектептин, райондун, министрликтин грамоталарына ээ болгом. 2019-жылдын жыйынтыгында Талас айымдар комитетинде облус боюнча айымдарга номинация беришти. Мен «Мыкты айым» деген номинацияга ээ болдум. Жаңы жылга күтүлбөгөн белек болду (күлүп).

Тоолуу райондо жашап, орус тилди балдарга толук жеткирип, анын баарын мыкты сүйлөтүп чыгарыш кыйынга турат. Ошентсе дагы болгон эмгегимди окуучуларга арнап келем. Ошону менен катар окуучулар менен кызыктуу окуялар дагы болуп турат. 2000-жылкы окуучу балдардын класс жетекчиси болуп, аларды 2018-жылы мектептен учурдум. Алар 5-класс кезинде арасынан бир окуучум кечигип келип, эшикти такылдатып, «можно выйти?» деп сураганы эсимде. Класстагы окуучулар «чыкпайсыңбы» десе алар менен кужулдаша кетти. Мектепти бүткөндө классташтары аны эстетип, «эжеге ошентип айтканыңды билесиңби?» деп күлгөнбүз. Бирок алар билбей калбасын деп жекече окуткан күндөрүм дагы болду. Азыр ошол балам мыкты жигит болгон.

Жалпы 2 класс бүтүрдүм. Бир окуучум ылдыйкы айылга жакын жашачу. Ата-энеси малчы, өзү жакшы окуган бала. Акыркы сынак күнү ошол балам жок. Ошол күнү эмнегедир үйдөн чыгып жатканда оюма ошол бала келген эле. Айткандай эле окуучулардын катарында жок. Далбастап үйүнө барсам, жыргап уктап жатат. Көрүп эле кыйкырып, «сени гана күтүп жатабыз» дедим. Окуучу балам кебелбей туруп, «эжеке, чыгып туруңузчу, мен кийинип алайын» дейт. «Менин көзүмчө эле кийине бер, мен деле апаңмын да» дептирмин (күлүп). Мугалим апа дагы болуп калат эмеспи. Мындай күндөр көп болгон. Тартипти бекем сактайм, баары айтышат.

Акыркы классым бүткөндө 25-майда класска кирип, чогулуп отурганбыз. Ар бир бала мугалимдер үчүн каалоолорун айтып жатат. Бир балам «эжеке, бизден кетсе кечириңиз, биз сизди кечирдик» дегенде дуу күлдүк. Көрсө алар менин тартипти бекем кармап, урушкан күндөрүмдү эске алып кечирдик дептир (күлүп). Класстарым менен 4 жыл катары менен «Мыкты класс», «Алдыңкы класс» деген номинацияларды алып жүрдүк.

Мугалим — мөмөлүү дарак. Түшүмүбүз — биздин балдар. Сыймыктанган окуучуларым көп. Аларды көрүп убактым бекер өтпөптүр деп сүйүнөм. Көк-Ой айылында ырчылар Султан Садыралиев, Кайрат Примбердиевдерди окуткам. Завуч болуп жүргөндө Султанды көптөгөн сынактарга алып барчумун, баары эсимде», - деди ал.

Элнура айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×