Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-февраль
Чүй облусуКара-Балта 24.02.2020 23:33

Кыргызстандын жаратылышы: Чолок-Кайыңды капчыгайынын кыш мезгилиндеги кооздугу сүрөттөрдө

Turmush -  Чолок-Кайыңды капчыгайы Кара-Балта шаарынан 20 км алыста жайгашкан. Бузулган жол менен тоолорду көздөй 15 км, андан соң капчыгай менен егердин үйүнө чейин 5 км жүргөндөн кийин жапайы табият тосуп алат. Жазында жана жайында ал жакта гүлдөр өсүп, чөп жашылданып, кекиликтер үн салып, эликтердин бак-дарактардын көлөкөсүнө жашынып турганын көрүүгө болот. Ал эми күз мезгилинде капчыгай Чүй облусунун мергенчилеринин эң жакшы көргөн жайына айланат.

Кыш мезгилинде капчыгайды кар каптайт. Күндүз кичине кар эрип, аяздуу түндө айлана-чөйрө кристалл сымал музга айланып тоңуп калат. Үнсүз жаратылыш муз жана кардын жардамы менен Чолок-Кайыңды капчыгайын сыйкырдуу жайга айлантат. Мындай көрүнүш кыш аяктагыча уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×