Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.01.2020 11:27 На русском

Эсин жоготкуча сабап, кайнак суу куюп жиберген: Күйөөсүнөн кордук көргөн Бактыгүлдүн окуясы

Потерпевшая женщина
Потерпевшая женщина
// Фото из архива Turmush

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну ажырашкан аялын эс-учун жоготкуча сабап, үстүнө кайнак суу чачып жиберген. Бул тууралуу жабырлануучу Бактыгүлдүн апасы аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, кызы менен күйөө баласынын ажырашканына 6 ай болду.

«1996-жылы ал (күйөө баласы) кызымды зордуктап, анан ата-энеси "балама кызыңарды алып беребиз" деп алдыма түшүп келишкенде макул болгом. Ошондон бери кызым кордук көрүп келген экен. Баш мээси чайкалып, майып болуп калды. Алты ай мурун сот аркылуу расмий ажырашты. Ошондо кызым "ушул убакытка чейин айткан жокмун. Бул мени ушул абалга жеткирди" деп айтты. Анткени 2016-жылы кызымдын талма оорусу кармап, күйүп калган эле. Ошондо элден жардам сурап, күйгөн денесине операция жасатканбыз. Ошондо талма оорусу кармабай эле жолдошу эсин жоготкуча уруп, кайнак сууну чачып, сыртка чыгып кеткен экен. Муну кызым сотто айтып жатат. "Эмне үчүн ушул убакка чейин айткан жоксуң?" десем, кызым: "Балдарым бар. Күйөөм оңолот, жашап кетебиз деп үмүт кылгам" деди. Муну уккан сот экөөнү ажыраштыруу боюнча чечим чыгарды», - деди ал.

Анын айтымында, ушул жылдын 7-январында кызы кайрадан катуу сабалган.

«Кызымды катуу сабагандыктан башы көк гала болуп калыптыр. Бир туугандары барып, милиция кызматкерлерин чакырышты. Апасына болушкан 17 жаштагы неберемди дагы жаакка чаап, урган экен. Анын буттары дагы көк ала болуп калыптыр. Күйөө балам үй талашып, ушундай жолго барыптыр. Үйдү ал Ооган согушуна катышкан адамдан сатып алган экен. Ошентип милицияга, шаардык аксакалдар сотуна кайрылдык», - деди Бактыгүлдүн апасы.

Ажырашкан жубайлардын 5 баласы бар.

Буга чейин Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы каралганы маалымдалган.

Аксакалдар сотунун төрагасы Адыл Дарбишевдин айтымында, иш-чарага жабыр тарткан Б.А. аттуу айым, анын апасы З.А., бир тууганы, ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр катышты. Б.А. мурдагы жолдошу тарабынан сабалган.

«Бизге Б.А. өзү кайрылып, жолдошу күн көргөзбөй жатканын айтты. Ал ажырашкандан кийин келип, аялын эстен танганча уруп, апасына болушкан 17 жаштагы кызын да катуу сабаган. Колу менен уруп, буту менен да тебет экен», - деди аксакал.

Милициядан бул факт катталганын тастыкташты. Жабырлануучу Б.А. 7-январь күнү жолдошу сабаганын айтып, арыз менен кайрылган. Жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Арыздын негизинде КРнын Жоруктар кодексинин 75-беренеси боюнча (үй-бүлөдөгү зомбулук) сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун маалыматына караганда, 7-январда саат 20:05 чамасында Б.А. жолдошу сабаганын айтып кайрылган. Дарыгерлер ага башынан жаракат алган, денесинде көк ала тактар бар деген диагноз коюшкан. Учурда жабырлануучу хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×