Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.01.2020 10:38 На русском

Кумтөрдө былтыр көчкүдө калып жоголгон 2 кызматкерге жаназа окулду (сүрөт)

Turmush -  Кумтөр кенинде көчкү астында калып, дайынсыз жоголгон 2 кызматкерди издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу кечээ, 10-январда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, издөө иштеринин токтотулгандыгына карабай тергөө жана кырсыктын себептерин аныктоо аракеттери улантылып жатат. Аларды табуу иштерине ӨКМдин, Кумтөр кенинин кызматкерлери гана эмес, 2019-жылдын 1-декабрынан тарта жоголгон жумушчулар Өмүрбек Ишенбеков менен Жолдош Жунушевдин туугандары да тартылган болчу.

«Кырсыктан кийин күнү-түнү иштеген республикалык штаб түзүлгөн. Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен жагдай дайыма премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин көзөмөлүндө болду. Издөө иштерине ӨКМдин, Кумтөр кенинин кызматкерлеринен, жоголгондордун туугандарынан, досторунан турган 146 адам тартылды. Биз акыркы мүнөттөргө чейин аларды тирүү табабыз деген үмүттө болдук. Бирок тилекке каршы кырсыктан бери 40 күн өттү. Кечээ алардын туугандары менен болгон сүйлөшүүдөн кийин издөө иштерин токтотуп, жаназа окуу чечими кабыл алынды. Издөө иштеринин токтотулгандыгын карабай тергөөчүлөр ишти улантат», - деди ал.

А.Осмоналиев буга катар эле Кумтөр кенинин жетекчилиги менен Өмүрбек Ишенбеков менен Жолдош Жунушевдин туугандарынын алардын айылдарында 2 бала бакча куруу боюнча демилгеси талкууланып жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×