Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.12.2019 14:00

Аба ырайына байланыштуу Токтогулдагы постто оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынды

Turmush -  Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүнө жана Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жаагандыгына байланыштуу 13-декабрь күнү саат 17:00дөн тартып Токтогул районундагы «Арал» постунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районундагы жол сакчылары аталган аймактагы жаралган жол тыгындарын жөнгө салып, тыгын жараткан кээ бир оор жүк ташуучу унааларды атайын техникалар менен чыгарышты. Ошондой эле №23 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте жолдорду тазалоо иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×