Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.12.2019 22:04

Аксыда жубайлар жана эки небере иске ууланып, аял каза болду

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Мукур айылынын 4 тургуну иске ууланып, бири каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Алардын айтымында, окуя 9-декабрь түнү болгон. Ууланган үй-бүлө түнкүсүн мешке көмүр салып укташкан. Эртең менен турушкан эмес. Бишкектеги балдары ата-энесине телефон чалып, байланыша албай коюшкан. Кийин айылдаштарына чалып, үйүнөн барып кабар алууну суранышкан. 10-декабрь күнү кошунасы "үйдө эч ким жок экен, бир жака кетсе керек" деп жооп берген. Балдары кечинде башка кошунасына чалып, "үйгө кирип карагылачы" деп суранган. Ал барып, үйдө эки небереси менен чоң атасы бир үйдө жатканын, чоң энеси каза болуп калганын көргөн.

Айылдаштары эки небере менен чоң атасын райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Ал эми 1954-жылы туулган М.С. аттуу аял каза болуп калган. Эки небересинин бири 5-класста окуса, экинчиси 4 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×