Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.01.2020 17:01

Миллионерлердин тамагы делген киноаны өстүргөн Азамат Касеевден кеңештер

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Бөкөнбаев айылынын тургуну Азамат Касеев дыйканчылык менен алектенет. Ал 2011-жылдан бери баасы кымбат киноа дан өсүмдүгүн өстүрүп, аны Кыргызстандын аймагындагы дыйкандарга, чет өлкөлөргө да сатып келет.

Анын айтымында, 10 гектарга буудай айдагыча, 1 гектарга киноа өстүргөн пайдалуу.

«Киноа мекени – Түштүк Америка. Андан нан, кесме, таттууларды жасап, ботко бышырып, ар кандай салаттарга кошсо болот. Бул чет өлкөдө миллионерлердин тамагы катары эсептелет экен. Киноа өсүмдүгүн көбүнчө ун азыктарын чыгарган ишканалар, тамактануучу жайлар, экологиялык азыктарды саткан дүкөндөр, туура тамактанууну кармангандар, вегетериандар алышат. Бишкекте өткөн көргөзмө жана жармаңкелерге алып барабыз. Билген адамдар сатып алышат. Анын 1 килограммын 1000 сомдон, үрөндүк болсо 1700 сомдон сатам. Украинага киноанын килограммын 35 доллардан, жалпы 100 кг саткам.

Мисалы 1 гектар жерге буудай айдасаң, андан 3 тонна түшүм аласың. Эгер 3 тоннаны орточо эсеп менен 14 сомдон сатсаң 42 миң сом эле болот, андан 15 миң сом чыгымдарга кетет. Ал эми киноаны 1 гектар жерге айдасам, андан орточо эсеп менен 1 тоннадай же 800 кг түшүм алам. Анын килограммын 300 сомдон сатканда 240 миң сом болот. Анын ичинен 50 миң сом чыгымга кетсе, калганы пайда катары калат. 10 гектарга буудай айдагыча, 1 гектарга киноа айдаган пайдалуу», - дейт ал.

Агроном Азамат Касеевдин дыйканчылыгы тууралуу кенен маалыматты «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз. Журнал өлкөнүн бардык аймактарында сатылып жатат.

Журналдын өзгөчөлүгү — жалпы республикада дыйканчылыкты, мал чарба, балык жана аары чарбасын жана башка багыттагы чакан жана ири ишкердикти алдыга сүрөгөн адамдар, алардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери, ой-пикири, көйгөйлөрү тууралуу маалыматтардын бир аянтчада топтолгонунда.

Андагы фермерлер — айылдан миллиондогон киреше тапкан эмгекчил адам жана мол тажрыйбанын ээси.

Журналдын баасы — 1000 сом. Анда фермерлердин дареги, телефон номурлары камтылган.

Журналды сатып алуу үчүн байланыш номуру:

- Ош облусу - (3222) 2-18-04;

- Ысык-Көл облусу - (554) 65 60 48;

- Талас облусу - (554) 65 60 23;

- Баткен облусу - (3622) 5 04 14;

- Нарын облусу - (554) 65 60 12;

- Жалал-Абад облусу - (554) 65 60 51.

Ошондой эле (312) 45 66 72, (312) 65 02 04, (550) 091 824 номурлары байланышта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×