Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Ош облусуНоокат району 12.12.2019 15:12 На русском

Ноокатта эки көчөнүн балдары мушташып, атчандар унаалардын айнектерин талкалашты. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Социалдык тармактарга Ноокат районунда атчан жигиттер унаанын айнектерин талкалаган видео тарады.

Окуя Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө болгонун аталган айыл өкмөттүн башчысы Нодирбек Рузалиев тастыктады. Анын айтымында, окуя кечээ, 11-декабрда болгон.

«Каттал-Тал жана Жандама айылынын балдары буга чейин эле чырдашып жүрүшчү. Кечээ Жандама айылынын балдары Каттал-Тал айылынын балдары менен чыр маселени чечүү үчүн жолугушкан. Ошол кезде Жандама айылынын балдары Каттал-Тал айылынын балдарын сабап коюшуптур. Айылда улак тартыш болуп жаткан. Сабалган балдар ошол жерге барып, айылдаштарын топтоп, кайра аларды сабаган балдардын үйүнө барышыптыр. "Хундай Портер" унаасында сабаган балдардын бирөөсүнүн атасы бара жатса, анын унаасынын айнегин сындырып салышыптыр. Бирок эки тарап тең элдешти», - деди Н.Рузалиев.

Ал эми Ош ОИИБдин маалыматына караганда, урушкан балдар бир улуттун өкүлдөрү болушкан.

11-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Ноокат РИИБге Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз атчан адамдар бейбаштык кылып, жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айнектерин талкалап, тургундардын денесине жаракат келтиришкени боюнча маалымат келип түшкөн. Жаңы-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы жана Ноокат РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, атчандарды таратып, тургундардан түшкөн арыздар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде катталып, тергөө иштери башталган.

Анын жыйынтыгында бир күн мурда Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жаштардын ортосунда футбол боюнча мелдеш өткөрүлгөнү, ошол учурда Бак көчөсүндө жашаган бир бала оюндун калысы менен айтыша кеткендиги аныкталган. «Калыс өз милдетин аткарып жатат, ага тийишпе» деп Шалдырама көчөсүндө жашаган жигит калыска болушкан. Арадан эки күн өткөндөн кийин Бак көчөсүндө жашаган бала Шалдырама көчөсүнө барып, калыска болушкан баланы жекеме-жеке мушташка чакырган. Мушташа турчу жер катары көк бөрү ойноочу аянтчаны тандашкан. Ал жерден Шалдырама көчөсүндө жашаган бала Бак көчөсүндө жашаган баланы сабап койгон. Ага ызаланган Бак көчөсүнүн балдары айылдашына болушуп, Шалдырама көчөсүнүн балдарын ат менен айылына чейин кубалап барышкан. Ошол учурда милицияга маалымат түшүп, ээнбаштык токтотулуп калган.

Учурда чыр чыгарган балдар кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча милицияга жалпы 5 арыз келип түшкөн. Арыз ээлери унаасы талкаланып материалдык зыян тартышканын жана денесинен жаракат алышканын айтып кайрылышкан. Суракка 90го жакын адам чакырылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×