Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.12.2019 10:46 На русском

Жаман көргөн бизнесменге ашык болгон Назиянын сүйүү баяны

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Милан Исаев менен Назия Майлибашеванын сүйүү баянын жазуу бир китепке да батпачудай. Атайын Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө баш кошкон жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Милан Исаев Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында 1980-жылы төрөлсө, Назия Майлибашева 1985-жылы аталган райондун Рот-Фронт айылында төрөлгөн.

Назия айым таяк тартыш боюнча мелдештерге катышып келет. Анын спорттогу ийгиликтерин бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.

«Жолдошум менден 5 жаш улуу. Аны биринчи таанышканда жаман көргөм. Ал кезде мектеп окуучусу элем. Милан студент болуп калган. Ал куракта жигиттер оюма да келчү эмес. Милан ошол күндөрдү эстегенде «мен сени алгачкы көргөн күнүмдү унута албайм. Чачыӊ узун, күн нуруна чагылышып, бир башкача сулуулук тартуулап турчу. Мен чачыӊдан улам сүйүп калгам» деп айта берет. Анын сүйүп калганына анчалык маани бербестен мектепти да бүттүм. Чын эле ал кезде сүйүү эмне экенин билбептирмин.

Бишкекке барып, окуу жайга тапшырып, студент болуп жүргөндө экөөбүз кайрадан жолугуп калдык. Ортодон дос болуп жүрүп, кийин кыз-жигитке айландык. Милан чыныгы жигиттик мүнөзү, баскан-турганы, шайыр жүргөнү менен мени өзүнө сүйдүрө алды. Үч жылдан соӊ сөйкө салып кетти. Колумду сураганда 101 даана кызыл роза берген. Ата-энелерибиз тойду сүйлөшүп, андан аркы тагдырыбызды ортого салышты. Ошондон 5 ай өтүп, 2003-жылы 12-декабрь күнү баш кошконбуз.

Ошол баш кошкон күнүбүз да эсибизден кетпейт. 11-декабрь түнү жамгыр жаап, анын артынан кар балбалактап, айлананын баарын аппак өӊгө боеп салган. Күндүн алсыз нуру ак карга чагылышып, мелүүн жел саамайымды сылап, толкунданып жаткан жанымды ого бетер толкунданткан. Табияттын кооздугу менен менин жашоомдун жаңы барактары ачылган», - деди ал.

Назия айым алгачкы автоунаасын талкалап алганда жолдошунун ага айткан сөзүн унута албайт.

«Экөөбүз 16 жылдан бери чогуу жашап келебиз. Ушул аралыкта бир топ күлкүлүү окуялар болгон. Негизи менин жолдошум аябай тамашакөй адам. Экөөбүз тамашалашып турмайын жүрө албайбыз. Менин эӊ биринчи автоунаамды жолдошум алып берген. Ошол автоунаамды жарым жыл айдагандан кийин аябай катуу сүзүп алгам. Ошондо аябай коркуп, ыйлап жолдошума телефон чалдым. Ал болсо, «эч нерсе болбойт. «Прошла крещение». Бул деген темир. Темир табылат, эӊ негизгиси өзүӊ эч нерсе болбосоӊ эле болду» деп койгон. Ушундай мүнөзү абдан жагат. Кандай гана кыйынчылык болбосун күлүп, тамаша менен көтөрүп коет. Жолдошум жеке ишкер. Ысык-Ата районунда форель өстүрөт», - деди ал.

Бактылуу жубайлар бир уул, бир кыздын ата-энеси.

«Балабыз 7-класста, кызыбыз 1-класста окуйт. Биз эмне үчүн 12-декабрда үйлөнгөнбүз? Анткени бул күнү биздин улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнү. Атайын ушул датага ылайыктап үйлөнгөнбүз. Ал кишинин чыгармачылыгын абдан баалап сыйлайбыз», - деди Назия айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×