Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.12.2019 21:07

Нарында алименттин айынан мамлекеттик кызматкерлер урушуп, бири экинчисине бычак сайды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  6-декабрда Ак-Талаа райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн башчысын (К. у З.) райондук салык кызматынын инспектору (К.Б.) бычак менен 2 жолу сайып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саат 16:25 чамасында райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Баетов айылынын 1991-жылы туулган тургуну телефон чалып, райондук соттун имаратынын ичинде 2 адам мушташып жатканын билдирген. Аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүлүп, Ак-Талаа райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн башчысы 5-декабрь күнү алимент өндүрүү боюнча райондук салык кызматынын инспектору, 1975-жылы туулган К.Б.га кат жибергени такталды. К.Б. аталган каттын негизинде райондук соттун сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысына жолугушууга барып, өз ара пикир келишпестиктен улам ураша кетишкен. Анын кесепетинен салык кызматкери эшикте токтоп турган унаасынан ашкана бычагын алып келип, жабырлануучуну оң бутка 2 жолу сайып жиберген. Жаракат алган кызматкер оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул иш Ак-Талаа РИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×