Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Нарын облусуКочкор району 09.12.2019 13:36

Кочкордо акын Нинакан Жүндүбаева эскерилди

Turmush -  Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында Кыргыз Республикасынын эл акыны Нинакан Жүндүбаеваны эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалими Үмүт Абдраимова билдирди.

Эскерүү кечеси акындын уул-кыздарынын демилгеси менен уюшулуп, анда акындын ырларын көркөм окуу боюнча сынак өттү. Алгач Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын директору Тынчтыкбек Турсуналиев, акындын кызы Алымкан Мансурова Нинакан Жүндүбаеванын өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу айтып өтүштү. Көркөм окуу сынагы эки турдан туруп, Кочкор районундагы мектептерден 26 окуучу катышты. Көркөм окуу сынагында 1-орунду Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Мирлан кызы Бермет ээледи. Ал акындын «Аттангыла» жана «Мектебим» деген ырларын чеберчилик менен окуп берип, чаң соргуч менен сыйланды. Экинчи орунга ээ болгон Кызыл-Дөбө орто мектебинин окуучусу Турумбек кызы Назми электр эт туурагычка, үчүнчү орунду алган Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин окуучусу Болотбек кызы Кундуз электр чайнегине ээ болушту.

Бул сынакка эркек окуучулардан жалгыз катышкан Т.Усубалиев атындагы орто мектебинин окуучусу Каниет Сүйүнбек уулу акчалай сыйлык менен сыйланды. Мындан сырткары ар бир катышуучуга грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Нинакан Жүндүбаева 1917-жылы Кочкор районунун Үкөк айылында туулган. Райондогу Кара-Коо мектебинин 7-классын бүтүп, ошол эле мектептин башталгыч класстарында мугалим болуп иштеген. Караколдогу мугалимдерди кайра даярдоочу алты айлык курсту бүтүп, жогорку класстарга тил жана адабияттан мугалим болуп, 1940-жылдын январынан сентябрына чейин Жумгал райондук Кайырма орто мектебинде сентябрь айына чейин мугалим болгон.

1941-жылга чейин комсомолдун Жумгал райондук комитетинин биринчи катчысы, 20 жыл партиялык, советтик жооптуу кызматтарда — райкомдун катчысы, райаткомдун төрагасы, обкомдун, облаткомдун бөлүм башчысы болгон. 1955-1965-жылдары Нарындагы «Тянь-Шань правдасы» гезитинде айыл чарба бөлүмүн жетектеп, Нарын облустук драма театрында директор, 1965-1971-жылдары Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси, 1971-1976-жылдары Кыргыз жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий нускоочу, 1976-1980-жылдары ошол эле райондун «Эмгек-Туусу» гезитинин редакторунун орун басары болгон.

Чыгармачылык ишмердиги 1957-жылы башталып, ырлар жыйнактары китеп болуп жарыкка чыгып, пьесаларынын көпчүлүгү театрларда коюлду. 60тан ашуун ырларына обон жазылып, музыканын алтын фондусуна алынган. 1980-жылдан баштап республикалык маанидеги персоналдык пенсионер болгон. 1995-жылы «Кыз Сайкалдын арманы» пьесасы республикалык жаштар театрында коюлган, ошондой эле «Гүлнар», «Акыйкат алдатпайт», «Өмүр белеги», «Кыз Сайкал арманы», «Ажал менен акыйкат», «Бир үйдө», «Махабат кусуру», «Амал түгөнүп абийир кеткенде», «Талаа станында», «Чалкып жаткан мухит» аттуу пьесалардын автору болгон.

Н.Жүндүбаева «Ардак белгиси ордени», «Эмгек каарманы» Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына «Каарман эмгеги үчүн», Жеңиштин 10-2-30-40-50 жылдык медалдары менен, кыргыз өкмөтүнүн ардак грамоталары менен алты жолу сыйланган. Кыргыз Республикасынын эл акыны (1964), «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (1977), «СССР маданиятынын отличниги» (1967) наамдарына татыктуу болгон. Маданият министрлигинин көп жолку ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын мүчөсү (1940-1944-жж.), Кыргызстан КП Кочкор райкомунун мүчөсү (1946-1950 -жж.), Нарын обкомунун мүчөсү (1945-1948-жж.), Нарын облустук советинин элдик депутаты болуп (1956-1963-жж.) шайланган. Акындын ырлары түркмөн, тажик, эстон, белорусь, хакас, казак жана башка элдердин тилдерине которулган.

Акын 2003-жылы дүйнөдөн кайтты. Анын ысымы Кочкор районундагы мурдагы Кара-Коо орто мектебине ыйгарылган. 2017-жылы акындын 100 жылдык мааракеси Н.Жүндүбаева мектеп-гимназиясында белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×