Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.12.2019 13:31

Кумтөрдө жоголгон эки кызматкерди издөө уланууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунда Кумтөр алтын кенинде жоголгон эки кызматкер 10 күндөн бери изделүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө эки унаа табылган.

Куткаруучулардын айтымында, бүгүн, 10-декабрда дагы издөө иштери уланып жатат. Ага 94 куткаруучу тартылган. Ошондой эле жер көчкү болгон жерде 36 техника тазалоо ишин жүргүзүүдө.

Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган (35 жашта). Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштейт. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган (47 жашта). Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенет. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×