Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Нарын облусуКочкор району 09.12.2019 13:13

Кочкордо балдар акыны Каныбек Жунушовдун чыгармалары окулду

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылындагы З.Иманалиев атындагы маданият үйүндө «Аруузат» бала бакчасы тарабынан балдар акыны Каныбек Жунушовдун чыгармачылыгына арналган «Кең мекенди гүлдөтүп, келечекти курабыз» аттуу кече өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Аруузат» бала бакчасынын директору Назира Усупбаева билдирди.

Иш-чарага облустук бала бакчалар боюнча метод секция жетекчилери, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев, акын Каныбек Жунушовдун тууган-туушкандары, «Кыргыз тили» коомунун, жазуучулар союзунун өкүлдөрү катышышты. Бала бакчада тарбияланган бөбөктөр эл акыны Каныбек Жунушовдун балдарга арналган ырларын айтышып, оюн-зоок көрсөтүштү. Жергиликтүү обончулар Жолдошбек Деркембаев акындын «Кең мекенди гүлдөтүп, келечекти курабыз», «Тай, тай бөбөк», деген эки ырына, Салкын Султанбаева «Кунаным», «Чоң атам», «Жакшы бала» деген үч ырына обон чыгарып, балдардын аткаруусунда жаңырды. Иш-чарада акын Каныбек Жунушовго белек-бечкектер берилип, «Кыргыз тили» төш белгиси да тапшырылды.

Балдар акыны Каныбек Жунушев 1941-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө деген айылда туулуп, 1963-жылы айыл чарба институтунун агрономдук факультетин бүтүргөн. Алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөн кезде гезит бетине жарыяланган. Кийин студенттик жылдарда да ырлары басма сөздөрдө жарыялана баштап, 1964-жылы «Боёкчу» деген кичинекей китеби чыккан.

Каныбек Жунушов агрономдук кесипти аркалап, топурак таануу боюнча адис болуп иштеп жүрүп бир катар чыгармаларды жараткан. 1967-жылы «Кызылчанын баласы», 1968-жылы «Бадыраң кантип үшүгөн», 1972-жылы «Жашыл көпүрө», 1975-жылы «Жылдыздуу асман», 1979-жылы «Байчечекей», 1983-жылы «Зымырык» деген китептерин балдар үчүн арнады. Булардан кийин бир топ көлөмдүү «Айдың көл» деген ырлар жана поэмалар топтому 1987-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көрдү. Бул жыйнак анын акындык жүзүн ар тараптуу ачып берген.

Акын Арашан жазуучулар үйүндө эмгектенген. Бир топ жылдар бою жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча кеңешчиси болуп келди. Ал балдар поэзиясындагы эң эле кызыктуу акын болуп калды. Таланттуу акындын калеминен балдар үчүн 30га жакын китептер жаралды. Чыгармалары орус, украин, беларусь жана башка көптөгөн түрк тилдерине которулган. Жалгыз эле ыр жазуу менен чектелбестен орус тилиндеги ырларды кыргызча сүйлөткөн.

1992-жылдан баштап талантуу акын кесибин алмаштырып, туулган жери Кара-Күнгөй айылындагы Айгыр-Жал учаскасынан жер бөлдүрүп алып, картошка эгип, мал багып, фермерлик кылууга өткөн. Ошондо да калемин колдон түшүрбөй, айылдык балдардын турмушуна жакыныраактан карап, тереңирээктен үңүлүп, алар жөнүндө ырларды жаратууга киришти. Кийинки эки-үч жыл аралыгында «Кеменгер манасчынын керемети», «Айыл азилдери», «Космостон түшкөн агайым», «Күн дүйнө» жана башка китептери жарык көрдү. Бүгүнкү күндө акындын чыгармалары окуу китептерине киргизилип, мектептерде башталгыч класстарда окутулуп келе жатат.

Каныбек Жунушов тажрыйбалуу адис, илимий кызматкер болуп иштөө менен бирге бир катар чарбалык, илимий, тарыхый макалаларды жазып келе жатат. Ал СССРдин жана Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Тоголок Молдо атындагы балдар адабият сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамына ээ болгон.

2017-жылы «Күн чубак» деген китеби үчүн мамлекеттик Токтогул атындагы жогорку сыйлык ыйгарылса, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын эл акыны наамына ээ болгон.

Кочкор айылдык кеңеши Кочкор айылындагы балдар китепканасына акын Каныбек Жунушовдун ысымын ыйгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×