Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.12.2019 19:45

Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Балалыктын бактылуу жолу» аттуу иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Тоң районунун Бөкөнбаев айылында ЖККК бөлүмүнүн кызматтык унааларынын коштоосунда өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты. Алар көчөлөрдү кыдырып, айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону, ылдамдыкты чегинен ашырбоону эскертишти.

Ошондой эле, чоң класстын окуучулары жол көзөмөлдөөчүлөр менен биргеликте башталгыч класстын окуучуларына унаа жолдон коопсуз өтүүгө жардам беришти.

Мындай иш-чара облустун башка аймактарында уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×