Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Нарын облусуКочкор району 07.12.2019 18:28 На русском

Германиянын Гота шаарынын эли 23 жаштагы Адиянын көзү менен. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында туулган Адия Аскарбекова жайкысын атайын окуу программасы менен Германияга барат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарында англис жана немис тилдеринен сабак өтөт.

«Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине бардым. 2016-жылы 2-курсту аяктаган соң, студенттердин программасы боюнча чет тилин терең үйрөнүү максатында Германиянын Гота шаарына бардым.

Ал жактан бизди тосуп алышып, бөлмөлөргө жайгаштырышты. Алар бизге: «эртең дем алыш, бүгүн нан алып койгула» дешкенинен биз «ток элебиз» деп жатып алганбыз. Эртеси дүкөндөрдүн бардыгы бек экен. Көрсө Германияда дем алыш күнү эч бир жер иштебей, адамдар эс алышат экен. Ошентип ал күнү нан жебей, Кыргызстандан ала келген таттуулар менен тамактанганбыз.

Бир күнү шаарды көрүү үчүн сейилдөөгө чыктык. Алардын жол чырактары биздикинен башкача иштейт экен. Биз жолдун аркы бетине өтөлү десек, жол чырактын жашыл өңү эч жанбай койду. Эки жакты карасак, элдер дагы өтпөй койду. Туура эмес жерге туруп алганбызбы деп ойлонуп, жашыл түстүн күйүшүн кечке күтүп турдук. Бир топ убакыт өткөн соң унаа токтоду да, андагы байке жаныбызга басып келип, жол чырактын жанындагы кнопканы басмайынча жашыл түс күйбөй турганын түшүндүрүп берди. Ошондо унаалар токтоп, бизди өткөрдү. Ал байке бизди карап күлгөнү эч эсимден кетпейт», - дейт 23 жаштагы Адия.

Ал немис элинин өзгөчөлүгүнө токтолду.

«Өзүңөр билгендей Германия өнүккөн, алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет. Элдин жашоосу абдан жакшы. Бул жакта тактык эң биринчи орунда турат. Кече же иш-чара болобу, дарыгерге барабы, айтор бир жыл мурун сааты, күнү менен пландап, ошондон бир мүнөт да кечикпей келишет. Коомдук транспорттор бир секунд дагы кечикпей, өз убагында жүрөт. Башында көнүү кыйын болгону менен мындай тартиптер мага абдан жакты. Жергиликтүүлөр абдан жөнөкөй жана башка жерден келген элдин маданиятын, динин сыйлап турушат. Биздин мусулман экенибизди билип, атайын тооктун этинен тамак жасап беришчү.

Батыштын тасмаларын көргөндө, алар үйүнө бут кийимин чечпей кирсе таң кала берчүмүн. Көрсө, бут кийимди жаңы алганда таманы кандай таза болсо, сыртка чыгып келгенде деле ошол бойдон калат экен. Анткени көчөлөрү ушунчалык таза, бир дагы таштанды жок. Ага көнүп алып, өз мекениме келгенде үйгө бут кийимчен кирип кеткен учурлар болгон», - деди Адия Аскарбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×