Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Чүй облусу, Токмок 06.12.2019 17:37

Токмоктогу студент кыз тергөөчүнүн кабинетинде эмне болгонун прокуратурага айтып берди

Turmush -  Токмок шаарындагы 17 жаштагы кызга Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеген тергөөчү сексуалдык ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Алардын айтымында, окуя эки жума мурун болгон. Аталган кыз шаардагы окуу жайлардын бириндеги юридикалык факультетте билим алып, өндүрүштүк практикасын Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө өткөрүп жаткан. Өндүрүштүк практика учурунда РИИБдин тергөөчүсү кызды иш бөлмөсүнө киргизип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.

Студент кыз арыз менен прокуратурага кайрылып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми 1993-жылы туулган тергөөчү кызматтан четтетилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×