Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-январь
Ош облусуӨзгөн району 06.12.2019 12:08 На русском

Өзгөндө уурулукка шектелген жигит уурдалган жылкы менен сүрөткө түшүп...

Turmush -  Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

11-ноябрда Өзгөн РИИБге Ийрек айылынын 1954-жылы туулган тургуну Т.А. арыз менен кайрылып, ушул күнү саат 09:30 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Прогресс айылында жайгашкан мал базардан кара түстөгү жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Анын кесепетинен Т.А. 80 миң сомдук өлчөмдөгү материалдык зыянга учураган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул уурулукка шектүү катары аталган райондун 1983-жылы туулган тургуну О.у.Б. кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

«Анын мындан башка кылмыштарга катышы бар же жогу такталууда. Бул жаран мурда эки ирет мал уурулук менен соттолгону белгилүү болду», - деп айтылат маалыматта.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү кылыгын билгизбөө үчүн уурдалган жылкы менен сүрөткө түшүп, элге өзүн сатып алуучу кылып көрсөткөн.

Шектүү, Подозреваемый

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×