Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Чүй облусуЧүй району 06.12.2019 10:38

«Бир нерсе азгыргандай сарайга кирген»: Жанын кыйган окуучунун өлүмү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунда асынып алган өспүрүм бала жакшы жашаган үй-бүлөнүн уулу болгон. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

Буга чейин аталган бала үйүнүн сарайында асынып алганы маалымдалган. ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 26-ноябрда саат 17:03 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан. Каза болгон баланын өздүгү такталып, 2008-жылы туулган К.Н. экени аныкталган. Денесин кароодо мойнунда жиптин изинен башка жаракаттар болгон эмес.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгону жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болду. Учурда окуучунун өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Айылдыктардын айтымында, ал мектепте жакшы окуган окуучулардын бири болгон.

«Ата-энеси болуп Кызыл-Аскер айылында жашашчу. Ошол күнү көчөдө балдар менен ойноптур. Андан кийин бир нерсе азгыргандай сарайга кирип, жыгачка жип байлап асынып алыптыр. Кыязы оюн катары көрүп ойногон окшойт. Аны балдар көрүп калып, үйүндөгүлөрүн чакырып чыккыча каза болуп калыптыр. Атасы бул кырсык экенин айтып, эч кимге доосу жок экенин билдирди. Маркум үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси болчу», - деди айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×