Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 06.12.2019 10:05 На русском

«Кийим алып бересиз». «Пул заводум бар эле»: Интернетке видеосу тараган келин окуяны айтып берди

Turmush -  Интернетте күйөөсүнөн эмоционалдуу түрдө кийим алып берүүнү талап кылган келиндин видеосу жарыяланып, бир топ талкууларды жаратты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган окуянын чоо-жайын такташтырган.

Видеодогу каарман — Кызыл-Кыя шаарынын тургуну М.Ырысгүл аталган видео тарап кеткенден кийин аны күнөөлөп, шылдыңга алгандардын айынан стресске кабылганын билдирди. Бирок кийин аны колдоого алып, күйөөсү туура эмес кылганын айтып чыккандар да болду.

«Бул окуя сентябрда болгон. Мени жетиштүү каржылабаганы аз келгенсип аялдарга барып, ачуума тийип, ошол абалга жеткирген болчу. Ал күнү телефонго тартып жатканын байкаган эмесмин. Себеби дайыма колунда телефон болгондуктан маани бербептирмин. Ошол окуядан кийин башка нерсе үчүн элдин көзүнчө мени сөгүп, акарат келтиргенинен таарынып, эжемдин үйүнө кетип калдым. Эжемдер «балдарыңды өз баласындай көрүп отурса эмне үчүн сөктүң?» десе, «синдиңердин мүнөзүн көрүп алгыла» деп ошол видеону жибериптир. Эжем экөөбүз көрүп эле өчүрүп салганбыз. Кантип тарап, ким интернетке жайгаштырганын билбейбиз.

Күйөөм менен 8 ай жашап ажырашып кеттик. Ал дароо үйлөнүп алды. Видео жайылып кеткенден кийин абалым начарлап, тамак да жей албай калдым. Досторумдун арасынан душмандык кылышып, башка видеону да чыгарып жиберишиптир. 3-4 гана досум моралдык жактан колдоп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин тааныш эместер деле телефонго чала бергендиктен тааныш эмес номурга жооп бергенден коркуп калдым. Көчөгө чыксам «сиз баягы келинсизби, сүрөткө түшүп алалычы» деп, кайра жараатымды козгоп жатышат. Жөнөкөй адамдарга макул, тушүнүшпөйт, белгилүү эле куудул туурап чыкканы катуу тийди. Азыркыга чейин өзүмө келе албай жүрөм. Психолог издегенге абалым жок, бирок ушул абалдан чыгууга жардам беришсе дейм. Видеолорду да социалдык тармактан өчүргөнгө жардам керек», - деди ал.

Ырысгүл айым жаш кезинде актриса болууну каалаган. Жакындары да «сенин шыгың бар» деп айтканы менен социалдык адис болуп иштеп калган. Жолдошунун биринчи никесинен 4 баласы болуп, алардын ичинен 9-3-класстагы балдарын Ырысгүл айым карап жаткан. Учурда кичүү баласы Байсалды сагынганын, качан келсе тосуп аларын айтты.

«Жолдошумду Байсал баласы үчүн сотко бербедим. Азыр да сагынып, эстесем ыйлап жатам. Ал балам да мени сагынып, бирок келе албай жатат. Мүмкүн чоңойгондо болсо да мени издеп келер», - деди ал.

Ырысгүл айымга моралдык жардам көрсөтүп, социалдык тармактарга алгачкылардан болуп маалымат берген классташы Сайрагүл Полотова күнөө видеого тарткан күйөөсүндө дейт.

«Классташым тамашакөй, ачык-айрым кыз. Кызыл-Кыяда жогорку окуу жайда окуп жүргөндө турмушка чыгып, окуусун сырттан окуу бөлүмүнө которуп койгон. Ал турмушунан балалуу болбой ажырашып кеткен. Андан кийин 10 жыл апасы ооруп, апасын карап жүрүп калды. Жуучулар келсе да «апамды карайм» деп турмушка чыкпай жүрдү. Апасынын көзү өтүп кетип, үйдө жалгыз калгандыктан эжелери зордоп эле ушул кишиге турмушка узатып жиберишкен. Шаардык кыз экенине карабай ал кишинин бакчасын, малын, балдарын карап, жайы менен уста багып үйүн оңдоду. Видео тараганда ал өзү билбей жүрө бериптир. Алгач психологиялык жактан даярдап алып, видеону көрсөттүм. Өзү да, эжелери да шок абалда болуп калышты. «Сен ал жерде мушташкан жоксуң. Күйөөңдү сенсиребедиң, тыткан жоксуң, эмоцияга гана алдырып койгонсуң» деп жатабыз. Учурда ага моралдык жактан коомчулуктун колдоосу керек. Социалдык тармактагы блогерлер дароо жардам берип, видеого сын айтуу токтоп калды», - деди Полотова.

Аталган видео тарап кеткенден кийин жолдошу социалдык тармакка аудио аркылуу кечирим сурап тараткан. Ал муну тамаша деп, кимдир бирөөлөрдүн кыянаттыгынан аялы менен ажырашып кеткенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×