Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.12.2019 15:37

Талант Эмилбек уулу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болду

Талант Эмилбек уулу
Талант Эмилбек уулу

Turmush -  Талант Эмилбек уулу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койгон.

Талант Эмилбек уулу 2016-жылдан бери Аксы районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин Кара-Суу айыл өкмөтүн 3 жыл башкарган.

Өмүр баяны

Ата-жөнү: Талант Эмилбек уулу

Туулган жылы: 1976-жыл

Туулган жери: Аксы районунун Кара-Суу айылы

Билими:

- 1994-1999-жылдары ОшМУда билим алып, географ мугалим адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1995-2010-жылдары — Кара-Суу айылындагы Жеңижок атындагы метепте мугалим;

- 2010-2013-жылдары — Кара-Суу айылындагы Жеңижок атындагы орто метебинин директору:

- 2013-2016-жылдары – Кара-Суу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы;

- 2016-2019-жылдары – Аксы районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Угулай Зыябекова Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин окуучу кыздарынын массалык мушташынан кийин кызматынан алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×