Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 04.12.2019 08:07

Атасы таштап кетип, кызынан баш тарткан ишкер айым. Чектен ашкан өспүрүмдөрдүн окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Эгерде өспүрүмгө өз убагында көңүл бурулбаса, анда бала жаман жолду, жаман чөйрөнү тандап кетиши толук мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы балдарга жана үй-бүлөгө жардам берүү борборунун психологу Гүлнара Оңкошова билдирди. Анын айтымында, ата-энелердин же мектеп мугалимдеринин өткөөл курактагы балдарга болгон орой мамилесинин кесепетинен өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн. Психолог менен аймактык кабарчы маектешти.

Гүлнара Оңкошова учурда замандын талабына жараша өспүрүм балдар психологдун кеңешине муктаж экенин айтты.

«Баланын ички дүйнөсү аруу, таза болот. Анын ички дүйнөсүн чөйрөдөгү терс көрүнүштөр кирдетет. Азыр биз жашап жаткан коомдо балдар психологдордун кеңешине аябай муктаж. Керек болсо, ар бир мектеп психолог менен тыгыз иштешүүсү керек. Ата-энелер баланы туура тарбиялоо боюнча психологдор менен кеңешип турушу зарыл. Бизге каттоодо турган балдардын көпчүлүгү социалдык абалы начар үй-бүлөдөгү балдар. Ал балдар менен сүйлөшкөндө “мен үйгө баргым келбейт. Күнүгө уруш, жаңжал, тынчтык жок. Мени ата-энем көп урат” деп айтышат. Ошол себептен үйдөн качып кетишет. Психологиясы бузулган балдар ата-энесин сөгүп, кол көтөргөнгө чейин барып жатышат. Орой мамилеге кабылган бала мектепке агрессия менен барат. Ал жерден мугалимден тил угат, айтышат. Баланын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын мугалим билбейт. Баланын өткөөл куракта экенин эске алып, аяр мамиле жасаш керек», - дейт Гүлнара Оңкошова.

Анын айтымында, балдарын башкара албай, алардан баш тарткан ата-энелер да бар.

«Ош шаарында эки кыздын апасы кайрылган. “Болду, кызымды башкара албай калдым. Андан кечтим. Мындай кызым жок. Эмне кылсаңар, ошо кылгыла” деп чыдабай айтты. Чындыгында анын кызы менен сүйлөшүү өтө кыйын эле. Өспүрүм кыз менен да, анын апасы менен да иштешип жүрдүк. Кыздын атасы аларды таштап кетиптир. Ошол фактор кыздын психологиясына катуу таасир тийгизген. Апасы жеке ишкер болгон. Ал дайыма бизнеси менен алек болуп, кыздарына көңүл бурулбай калган. Азыр эне менен кыздын мамилеси жакшы болуп, өз нугуна түштү. Уулун башкара албай, баш таркандар да кездешет», - деди Г.Оңкошова.

Ал ата-энелер психологдорго кеч кайрылып жатышканын билдирди.

«Балдар көп убакыт компьютердик клубдарда отурушат. Аларга ата-эне, мугалим же өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынын жакшы көзөмөл болбой жатат. Бала интернет аркылуу эмнени көрүп жатканына көзөмөл жок. Баласы мектептен чыккандан кийин эмне кылып жүргөнүн билбеген ата-энелер бар. Дүкөндөрдө, жада калса өз үйүнөн акча, буюм-тайым уурдаган балдар көбөйдү. Бизге жаман топторго кошулуп, спирт ичимдигин ичип, наркотикалык заттарды колдонгон балдарын башкара албай калган ата-энелер кайрылышат. Бул — өспүрүм акыркы чекке жетти дегенди билдирет. Ата-энелер балдарына кеч көңүл буруп жатышат. Ага чейин балдары ким менен дос болуп, кайсы жерде жүргөнү, кандай окуп жатканын байкашпайт», - дейт психолог.

Гүлнара Оңкошова балдарын тилдеп, уруп тарбиялаган ата-энелер тууралуу ой бөлүштү.

«Өткөн жылы бизге Өзгөндөн 9-класста окуган баланы алып келишкен. Ал бала ата-энеси менен айтышып, аларды сөгүп, уруп жиберүүгө чейин барчу экен. Бала менен бир топ ай иштештик. Кийин бир туугандары Россияга алып кетишти. Баладан кабар алганда, ал окуучу токтолуп, кылган иштерине уялып калыптыр. Баланын өткөөл курагында ата-эне аны менен дос болуп, сырдашыш керек. Анын анча-мынча туура эмес кадамдарын көрмөксөн болуп, башкача жол менен түшүндүрүш керек. Өзүнүн өткөөл курагын эстеп, ачулануу убактылуу экенин айтуу зарыл. Балага дем-күч берип, колдоп туруш керек», - дейт психолог.

Ал бычакташкан окуучулар көп экенин дагы кошумчалады.

«Азыр жаштар кызуу кандуу. Мектеп окуучулары бири-бирин бычактап өлтүрүп коюп жатышат. Териштирип келсең, ал балдар аз камсыз үй-бүлөдө өскөн, ата-энеси көңүл бурбаган көчө балдары болуп чыгышат. Кыздарда да ушул эле көрүнүш», - деди Г.Оңкошова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, соңку 10 айдын ичинде өспүрүмдөр арасында 95 кылмыш катталган. Алардын ичинен бирөө — адам өлтүрүү фактысы. Ал эми 2018-жылы 10 айда өспүрүмдөр арасында 183 кылмыш иши жана 1 адам өлтүрүү фактысы катталган.

Ушул жылы 10 айдын ичинде 77 өспүрүм жоголгон. Алардын баары табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген. Ал эми 2018-жылы 10 айдын ичинде 106 бала белгисиз жоголуп, алардын баары табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×