Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Нарын облусу, Нарын 10.12.2019 12:32

Түспөлдөш: Кыргыз жигитинин жүрөгүн келбети менен багындырган «Маугли»

Turmush -  Нарын шаарынын 18 жаштагы тургуну Флоренция Русланованы жердештери Индиянын белгилүү актрисалары Авика Гор жана Васундхара Ратури менен актёр Роэн Чандга окшоштуруп, бүгүнкү күнгө чейин аны индус деп ойлоп келишет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы татар болсо, апасы кыргыз.

«Менин атамдын улуту татар, апам кыргыз. Өзүм Нарын шаарында төрөлүп, ушул жерде билим алгам. 9-классты аяктагандан кийин Нарын юридикалык колледжине баргам.

Ал эми келбетим тууралуу айта турган болсом, мени кичинекей чагымдан бери "Хатуба" ырын аткарган индиялык Васундхара Ратури менен "Маугли" тасмасындагы актёр Роэн Чандга окшоштуруп, Маугли деген каймана атка конгом (күлүп). Мени Маугли дешсе таарынбай, тескерисинче кубанчумун. Чоңоюп калганда актриса Авика Горго түспөлдөштүрүп келишет. Кээде шаар ичинде жүргөндө жаныма шаар тургундары келип, мени индус деп ойлошуп, сүрөткө түшкөнү да болот. Кээ бир учурда улуту башка экен деп, мага кайсы тилде кайрыларын билбей туруп калышат. Аларга кыргызча сүйлөсөм, "кыргызчаны кайдан билесиң" деп чоочуп кетишет. Айрым учурда шаардан адашып кетти деп ойлошуп, колумдан жетелеп, барчу дарегиме жеткирип коюшат. Мен дагы сыр бербей, аларды ээрчип кете берем.

Жолдошум Санжар мени индуска окшоштуруп жактырып калганын көп айтат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×