Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Чүй облусуМосква району 22.11.2019 14:49

Кара түтүндө калган абышкасы үчүн жардам сурап кеткен кемпир үй жалындап күйөрүн билген эмес

Turmush -  Бүгүн, 22-ноябрда өрттөн каза болгон Москва районундагы Беловодск айылынын 89 жаштагы тургуну У.Петрдун сөөгү жерге берилди.

89 жаштагы У.Петр Беловодск айылынын Комсомол көчөсүнүн тургуну болгон. Ал 21-ноябрь күнү өзүнүн үйүнөн чыккан өрттөн каза тапты.

«Петр 82 жаштагы аялы Мария экөө бир короодо жашачу. Алар жашаган короодо бир чоң үй жана жанында чакан бөлмөлүү үй болгон. Петр ошол үйдө, эми аялы Мария чоң үйдө жашачу. Алар ынтымактуу үй-бүлө эле. Аялы аны карап, тамак-аштарын берип турчу.

Мария 21-ноябрь күнү эртең мененки саат 07:15 чамасында сыртка чыгат. Петр жаткан бөлмөнү караса эмнегедир жарык өчкөн болот. Ал дароо ал жерге жетип барып, бөлмөнүн эшигин ачат. Үйдүн ичи түтүнгө толуп, күйүк жыттанат. Ошол замат кайра-кайра "Петр" деп кыйкырат. Эч кандай жооп болбогондон кийин анын өлүп калганын түшүнөт. Кошунасынын үйүнө жетип барган. Болгон окуяны түшүнгөн кошунасы менен келсе, үй алоолонуп күйүп жаткан болот. Ошол мезгилде РИИБге телефон чалышат. Ал эми РИИБдин кызматкерлери ыкчам аракетте райондук ӨКБга кабарлашат. Алар өрт чыккан жерге саат 07:48де жетип келишет. Бөлмөдөн өрттөн каза болгон адамдын жансыз денесин алып чыгышат.

Петр төшөктө ооруп жатчу. Ал жашаган бөлмө электр жылыткычы менен жылычу. Аны кээде өзү колун сунуп өчүрүп, күйгүзүп турчу. Аялы да дайыма көзөмөлгө алчу эле. Биздин оюбузча ошол электр жылыткыч жерге жыгылып, полго төшөлгөн линолеум аркылуу төшөктөргө, жыгачтарга жармашкан», - дешти жергиликтүү тургундар.

Петрдун бир кызы бар. Ал учурда чет өлкөдө жашайт. Учурда өрттүн себептери иликтенүүдө. Ал эми Беловодск айыл өкмөтү тарабынан жабырлануучуларга жардам бериле турганы кабарланды.

Буга чейин Москва районунун Беловодск айылында үй өрттөнүп, 89 жаштагы адам каза болгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×