Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.11.2019 13:26

Тагдырдын сыноосуна сынбаган Дастандын кыялы. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган 16 жаштагы Кыдырмамбет уулу Дастан шал оорусу менен жабыркап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-гимназияда 10-класста окуйт.

«Ата-энемдин айтуусу боюнча мен үч жашымда ооруп калып, ооруканага алып барышкан экен. Ошондо дарыгерлер баш сөөккө ийне сайгандан кийин баспай калыптырмын. Кийин шал оорусу деген диагноз коюлду. Ошондон бери дайыма дарыланып турам. Мен башкалар ойлогондой өзүмдү мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептебейм. Тагдырдын сыноосуна сынбаш керек деген ойдомун. Жанымда ата-энем, бир туугандарым жана досторум бар. Ар бир күнүмдү позитивдүү жана пайдалуу өткөргөнгө аракет кылам.

Досторум кайда барышпасын мени дайыма алып жүрүшөт. Жакында эле туулган күнүмдө сюрприз кылышты. Дасторкон даярдап, жакшы маанай тартуулашты. Ушундай досторум барына ыраазымын.

Мектепти аяктаган соң, жогорку билим алып, программист болсом деп кыялданам», - дейт Дастан.

Ал үй-бүлөдө 7 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×