Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 22.11.2019 10:53 На русском

Жолдошун арматура менен өлтүргөн келин 1 айга камалды. Жубайлар 2 кыздуу болгон

Turmush -  Ош шаарында жолдошунун башына арматура менен чаап өлтүргөн келин бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө учурунда 19-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында 1991-жылы туулган П.Г 1973-жылы туулган жолдошун (И.Ү.) арматура менен башына 3 жолу чаап өлтүргөнү аныкталган. Шектүү жолдошун акыркы сапарга узатып жаткан учурда камакка алынган. Жубайлар 6 жыл бирге жашап, 2 кыздуу болушкан.

Ош шаардык соту кармалган келиндин баш коргоо чарасын 20-ноябрь күнү карап, 1 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

-------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районунда каза болгон күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. адам өлтүрүүгө шектелип, боз үйдө ыйлап отурган жеринен камакка алынганын жазган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркум жубайы менен пикир келишпестиктен улам жаман мамиледе болгону аныкталган. И.Ү. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен үч жолу башына чапкан. Оор абалда жаткан жабырлануучуга тез жардам көрсөтүүчү дарыгерлерди аялы жана кошунасы чакырган. Шектүү кылмышын жашырып, кошунасына жолдошу сырттан жаракат алып келгенин айткан. Маркум Ош шаардык ооруканасында эс-учуна келбей каза болгон. Келин сурак учурунда күйөөсүнүн башына арматура менен чапканын мойнуна алган.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун негизинде (ден соолукка оор зыян келтирүү) сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, далил буюм катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм болгон арматура алынган.

Маркум Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус айдачу. Ал 4 баланын атасы болгон (биринчи жана экинчи жубайынан).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×