Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 21.11.2019 18:02

Тоңдо оргума курулду. Видео

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылында оргума курулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Болот Мамбетов билдирди.

«Бул оргума Тоң айылынын борборундагы «Жеңиш» паркында курулду. Парк толугу менен 15-декабрда бүтөт. Ал жерге LED экран коюлат. Инсталляция орнотулуп, жарыктандырылат жана видеокамералар орнотулат.

Оргуманы жети кырлуу кылып атайын жасаттык. Кыргызда жети саны өзгөчө мааниге ээ эмеспи», - деди ал.

Аталган иштерди аткарууга дем берүүчү гранттан 3 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×