Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусу, Ош 21.11.2019 15:18 На русском

Ошто жаш келин жолдошун акыркы сапарга узатып жатканда камакка алынды

Turmush -  Ош шаарында жолдошунун өлүмүнө шектелген келин кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Алай районунда каза болгон күйөөсүн акыркы сапарга узатуу учурунда Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. кармалды. Адам өлтүрүүгө шектелген келин боз үйдө ыйлап отурган.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө келин күйөөсүнүн башына арматура менен чапканын мойнуна алды. Буга чейинки тергөөнүн жүрүшүндө маркум — 1973-жылы туулган И.Ү. өзүнүн жубайы менен пикир келишпестиктен улам жаман мамиледе болгону аныкталган. Маркум 19-ноябрда болжол менен саат 23:30 чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен үч жолу башына чапкан. Оор абалда жаткан жабырлануучуга тез жардам көрсөтүүчү дарыгерлерди аялы жана кошунасы чакырган. Шектүү кылмышын жашырып, кошунасына жолдошу сырттан жаракат алып келгенин айткан. Маркум Ош шаардык ооруканасында эс-учуна келбей каза болду. Ал 4 баланын атасы болчу (биринчи жана экинчи жубайынан).

Учурда Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун негизинде (ден соолукка оор зыян келтирүү) сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Далил буюм катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм болгон арматура алынган. Шектүү П.Г. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кийинчерээк такталган маалымат боюнча, жубайлар 2013-жылдан бери бирге жашап жатышкан. Алар 2 кыздуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×