Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.11.2019 17:59 Жаңыланды: 20.11.2019 18:10 На русском

Аксыдагы окуучу кыздардын мушташуусунан кийин кимдер кызматынан алынды?

Turmush -  Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын мушташуусунан кийин чогулуш өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бүгүн, 20-ноябрда өткөн чогулушка акимдин биринчи орун басары Т.Эмилбек уулу, социалдык маселелер боюнча орун басары Д.Абдылдаева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ш.Тангиров, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Осмонова, окуучулар жана алардын ата-энелери катышты.

Директордун берген маалыматына караганда, 11-класстан 3 кыз, 10-класстан 1 кыз, 9-класстан 1 кыздын ортосундагы пикир келишпестиктен улам мушташ келип чыккан.

Маалым болгондой, учурда бул окуя боюнча ички иштер бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мушташка аралашкан кыздардын эч кимиси оор жаракат алган эмес. Мектепте окуу өз нугунда жүрүүдө.

Жыйында мектеп окуучуларына бул багытта ата-энелер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги белгиленди. Ошондой эле Ж.Мамытбеков атындагы орто мектептин директору, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог кетирген кемчиликтеринин негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя 18-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында болгон. Аталган мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын арасында пикир келишпестик болуп, андан улам мушташып кетишкен.

Бул факт боюнча топтолгон материал Аксы РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аксыдагы кыздардын арасында мушташ болгонун жергиликтүү тургун «Репортерго» билдирип, видео жөнөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×