Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 20.11.2019 14:29 Жаңыланды: 20.11.2019 17:16

«Ата, жакында үйлөнөм»: Жол кырсыкка кабылгандан кийин асынып алган сержанттын өлүмүнө эмне себеп болду?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районундагы үйүнүн жер төлөсүндө асынып алган 22 жаштагы сержант 3 күн бою үйүнө барган эмес. Бул тууралуу маркумдун атасы Жумабай Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, уулу 14-ноябрда жол кырсыгына кабылган.

«Балам буга чейин (окуядан 1 айдай убакыт мурун) жол кырсыгына кабылып, унаасы талкаланып калган. Кайра жакында эле башка унаа сатып бергем. Ошол унааны алып бербегенимде балким уулум азыр тирүү жүрөт беле... 14-ноябрда түндө балам бир унаа менен кагышыптыр. Ошол түнү үйгө келген эмес. Эртеси иштеген жеринен “жумушка барган жок” деп издеп келишти. Мен жакшы оюмда досторунун үйүндө болуш керек деп ойлогом. Эртеси күнү да келген жок, телефону өчүк болуп жатты. 16-ноябрда келип калар деп күтүп, түнкү саат он экиден өткөндө уктагам. Ошол түнү келип, асынып алыптыр. Ушундай болорун билгенде таң атканча аңдып отурмакмын. Эртең менен жер төлөгө түшсөк, балам асынып алыптыр. Жол кырсыктын азабынан стресс болуп, эми камалып кетемби деген ой жеп кетти окшойт. Мен анык себебин билбей калдым. Балам 22 жашка эми толгон. “Ата, жакында үйлөнөм” деп үй-жайды оңдоп-түзөп жүргөн. Балам жумушунан тышкары таксист болуп кошумча акча тапчу. “Силерди кыйнап акча сурабай эле коёюн, бензинге акча болуп турсун” дечү. Ал түшкү тамагын да үйгө келип ичип кетчү», - деди Жумабай Абрахманов.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, Ж.Абдрахманов айтып жаткан жол кыргысы катталганда маркумду наркологиялык бөлүмгө алып барып текшеришкен. Анын спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

«14-ноябрда түнкү саат 2:00 чамасында Ош—Эркештам жолунун 6-чакырымында О.Т. (маркум) өзү башкарып бара жаткан "ДЭУ Нексия" үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, Ош шаарынын 1983-жылы туулган тургуну И.М. башкарып бара жаткан "ДЭУ Матиз" унаасы менен кагышкан. Жүргүнчүлөр жаракат менен ооруканага кайрылышып, жаракаттары жеңил болгондуктан үйүнө чыгарылган. "Матиздин" айдоочусу ооруканага жаткырылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки айдоочунун спирт ичимдиктерин ичип же ичпегенин текшерген учурда О.Т. спирт ичимдигин ичкени аныкталган. О.Т. түшүнүк кат жазып берип, үйүнө коё берилген. Атайын экспертиза дайындалып, тергөөчүгө келе турганы эскертилген. Бирок ОИИБге окуя болгондон 3 күн өткөндөн кийин өз үйүндө белгисиз себептерден улам асынып алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык, техникалык экспертиза дайындалды. Маркумдун ата-энеси уулунун денесин медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Жол кырсык Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», - деди Жеңиш Ашырбаев.

Маркум О.Т. Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында жашачу. Аталган айылдын башчысы Баатыр Полотовдун айтымында, маркум 2 күн жумушка барбай калгандыктан аны командири үйүнө издеп келип, ата-энесине “балаңарды жакшылап көзөмөлдөгүлө, аскер кызматкерлеринин арасында асынып алгандар көп болуп жатат. Дагы бир кырсык болбосун. Азыр жаштар кызуу кандуулукка алдырып коюп жатышат” деп эскертип кеткенин айтты. Маркумду кесиптештери 2 күн издешкен.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашова каза болгон аскер кызматкери келишимдин негизинде иштеп жүргөнүн билдирди. Учурда анын өлүмү боюнча Аскер прокуратурасынын Ош шаардык гарнизону тарабынан иликтөө жүргүзүлүп жатат.

«Азыр бизде жаңы жагдайлар, кошумча маалыматтар жок. Иликтөө иштери соңуна чыкканда белгилүү болот», - деди Гүлзат Жарашова.

Маркум 5 бир туугандын кичүүсү болчу. Ал 1997-жылы туулган.

Буга чейин Turmush басылмасына Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнөн 22 жаштагы сержант Т.О. өз үйүнүн жер төлөсүндө эмес, мал сарайда асынып алганын билдиришкен.

«Баракелде» басылмасы маркум Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Мады айылындагы №92840 аскер бөлүгүнүн сержанты экенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×