Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.11.2019 19:04 На русском

Ысык-Көлдө нааразычылык акциянын катышуучусу журналистке кол көтөрдү. Видео

Turmush -  Бүгүн, 18-ноябрда Каракол шаарында «Каркыра» уюмунун жумушчулары 2 айдан бери маяна албай жатканын айтышып, нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чогулгандар маяна берилбесе иш таштоого бара турганын билдирип, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн бул маселени чагылдырып берүүнү өтүнүшкөн.

Жергиликтүү телеканалдын журналисти менен оператору арыздын негизинде чогулган адамдарды тасмага тартып жаткан. Ошол учурда өзүн «Каркыра» уюмунун мастеримин деп тааныштырган адам аларга каршылык көрсөттү.

Уюмдун Р.Турдуманбетов аттуу мастери журналист жана оператордун аброюна шек келтирген сөздөрдү айтып: «Эгер мен тасмага түшсөм өмүрүң кооптуу болот» деп видеого тарттырбай, камераны сындырууга аракет кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×