Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 18.11.2019 11:39

Чыгармачыл жигиттердин өмүрүн алган жол кырсык: Ырысбек бүгүн жерге берилет (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда жол кырсыгына кабылып, ооруканада каза болгон Ырысбек бүгүн, 18-ноябрда кичи мекенинде жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун досторунун бири билдирди.

20 жаштагы Ырысбек Алибеков жана анын достору Кочкор районуна тойго бара жатканда жол кырсыгына кабылышкан. Маркум оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 16-ноябрда көз жумду. Досторунун айтымында, Ырысбек Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында 1999-жылы туулган. 6 бир туугандын кичүүсү болчу. Ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып жаткан.

Буга чейин Turmush басылмасы маркумдун жанындагы шериктери — 26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы Канатбекова Изаард 13-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында акыркы сапарга узатылганы, ошол эле күнү ырчы, алып баруучу Жоомарт Алмазбеков өзүнүн кичи мекени Кочкор районуна караштуу Орток айылында жерге берилгенин жазган.

Окуя тууралуу:

Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында кырсыкка кабылган унаада маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан.

Кочкор РИИБдин маалыматы боюнча, 11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшкөнүн билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, 1976-жылы туулган И.М. оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жатканда Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында карама-каршы тилкедеги «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаа менен кагышканын аныкташкан. Анын кесепетинен «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы туулган тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы келин окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыктан мерт кеткен чыгармачыл жигиттердин акыркы видеосу:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×