Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Нарын облусу, Нарын 18.11.2019 10:16

«Өлүкканадан ойгонсом...»: М.Касымбекова каргашалуу окуясын айтып берди

Turmush -  Медицина тармагында 34 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Майрамкүл Касымбекова медайым болуп эмгек жолун баштап, кийин дарыгер-лаборанттык кызматка чейин көтөрүлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрамкүл Касымбекова 1967-жылы 8-мартта Нарын шаарында туулган. Мектепти аяктаганда 1982-жылы Нарын медициналык окуу жайына кирип, ал жакты артыкчылык диплом менен 1985-жылы аяктаган. Билимин андан ары жогорулатуу үчүн К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жолдомо алган.

2001-жылдан бери Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунда дарыгер-лаборант болуп эмгектенип келет.

«Медакадемиянын балдарды дарылоо факультетине барып, окууга өтүп кеттим. Бирок ошол мезгилде апам ооруп калып, 1-курстан эле окуумду таштадым. 1985-жылы декабрь айында Нарын облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө кирип, медайым болуп иштедим. Кийин балдарды укалоо боюнча 2 айлык курстан атайын окуп келдим. 2001-жылы Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборуна дарыгер-лаборант болуп ишке кирдим. Ошол эле учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология-экология факультетин бүтүрдүм.

2005-жылы америкалык долбоор менен лабораториялык жабдуулар алынып, биздин борбор толугу менен камсыз болгон. 2010-жылы дагы толук камсыз болдук. Сапатты жакшыртуу үчүн билимибизди жогорулаттык, жыл сайын окууларга барып турабыз», - деди ал.

Майрамкүл Касымбекова үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кызы жана 4 небереси бар.

«Шайыр деген медайым бар болчу. Ал көчөнү өзү жалгыз кыдырып, адамдарга ийне сайып кетчү. Апам мага “Шайырды убара кылбай, ийне сайганды эле үйрөнүп алсаң жакшы болор эле. Мага ийне сайып турмаксың" деп айтчу. Андан кийин "биринчи медайым боюнча оку, андан кийин каалаган окууңду оку" деп шарт койду. Мен такыр болбой койдум. Бирок ал "мени энем десең ушуну окучу" деди. Ушул сөздөрү мени намыстантты. Ошентип макул болдум. Медициналык билим алгандан кийин өзүмдүн каалаган окуумду бүтүрдүм. Бирок 4 балалуу болгондо билимимди жогорулаттым. Ошондо апам «аябай көк бет экенсиң, максатыңа жеттиң» деди. Кийин апам көз жумду. Медик болуп калышыма апам түрткү болгон», - деди ал.

Дарыгер ооруп турса дагы жумушуна келип, ал жерден айыгып кетерин айтат.

«Түнү менен ооруп чыксам дагы эртең менен башы-көзүмдү жууп, боенуп, жакшы көргөн кийимимди кийип алып жумушка барганды жакшы көрөм. Анткени жумушта убакыт өткөнүн билбей каласың. Ооруп турсаң дагы ооруганыңды билбей каласың. Үйдө отурсаң өзүңдөн-өзүң ооруйсуң. Өз кесибиңди сүйсөң, жумуштан ырахат аласың.

2001-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студент болчумун. Сессия убагы эле, 29-январда жолдо бара жатканбыз. Кант шаарына жеткенде уктап кетиптирмин. Көзүмдү ачсам эле мени толтура киши карап отурушуптур. Жанымдагы бардык жүргүнчүлөрдү ооруканага алып кетип, мага тийбешиптир. Себеби өлдү деп ойлошуптур. Ээгим эки жеринен сынып, оозумдан кан кетип жатыптыр. Ошондо алар мени өлүкканага алып барууну көздөп жатышыптыр. Балким өлүкканадан ойгонсом жүрөгүм жарылып, чын эле өлөт белем. Ким билет?...

Бир маалда дарыгерлер келип, менин күрөө тамырымды кармашты. Анан нашатыр спиртин жыттатып эсиме келтиришкен. Рентгенге тартып жатканда бутумдун ооруганын сездим. Андан кийин кайрадан эсимди жоготтум. Кант шаардык ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө алып келишиптир. Кечинде көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Денемдин 7 жеринде сынык бар экен. Жамбаш, акырегим, ээгим, жаагым сыныптыр. Бир маалда бир кызматкер келип, оозума быламык салды. Бирок оозума кирбей эле агып жатты. Эмне болуп жатам деп коем, көрсө алдыңкы жаак сынгандан кийин жаак жогору көтөрүлбөйт экен. Курсагым ачыптыр, бирок жута албай койдум. Андан кийин медайым келип, мага ийне сайгандан кийин уктап калдым. Бир ойгонсом капельница коюп жатышыптыр, көрсө мени операцияга даярдап жатышыптыр. Бирок гемоглобин төмөн дешип, операция жасашкан жок. Андан кийин оозумдун тегерегине дары сайып, ичке ийне менен шырдактын жээгин көктөгөндөй эле жаагымды жамашты. Жанталашып дарыгердин халатынын этегин тартып коем. Айлам жок болду. Адам деген ит жандуу болот экен, баарына чыдайт экенсиң. Оозум канжалап эле калды. Оозума кыт куюлгандай эле болуп калды. Түтүк менен шорпо, чай ичип жаттым. Түшүмө нандарды боорума кысып, тамдан тамга жашынып, уурданып жеп жүргөнүм кирип жатты. Мени кайын сиңдим, эжем, жолдошум алмак-салмак багып жатышты. Алар жаныма келип алып, нан, тамак чайнап жеп жатышса суктанып, «качан тамак чайнап жейм» деп кыялданчумун. Аба ырайын эшиктен келгендердин кийимдеринен билчүмүн.

Апам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн дарыгерлери Кубан менен Мураттан менин абалымды сураганда "басып кетет деп азырынча айта албайбыз" дешиптир. Балдак менен басып калганда дарыгерлер аябай кубанышкан. Апам болсо мага сарсанаа болуп жатып арыктап, сөөгү гана калыптыр. Ошондо мен өзүмө "бул дүйнөгө конок болуп келдим, эми коноктой жашап өтөйүн" дегем. Кээ бирөөлөр "мүнөзүңүз жумшак, бала кыялсыз" деп айтышат. Бирөөгө катуу айткым келбейт. Себеби, мен жараткандын астында "бирөөгө катуу айтпай, көңүлүн калтырбай, жамандык жасабайм" деп убада бергем. Бирөө мага жамандык жасап турса дагы "кудай кайтарсын" деп коем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×