Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 16.11.2019 17:42

«Телефон чукулабай тамак жаса»: Жумгалда дайынсыз жоголгон Нурбүбү табылды

Turmush -  Жумгал районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Нурбүбү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматында, өспүрүм кыз бүгүн, 16-ноябрь күнү табылган. Нурбүбү агасына таарынып, эч кимге айтпай тааныштарынын үйүнө кетип калган.

IMG_20191116_170216

Аталган өспүрүмгө Жумгал РИИБ тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал энесине тапшырылып берилди.

Айылдаштарынын айтымында, агасы «телефон чукулабай тамак жаса» деп тилдеген.

Буга чейин Жумгал районунда 15 жаштагы Нурбүбү изделип жаткандыгы маалымдалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×