Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусуБаткен району 16.11.2019 15:43 На русском

Баткен районунун борбору үчүн Бужумдан 15 гектар жер бөлүнгөн

Turmush -  Кечээ, 15-ноябрда КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына иш сапары менен барды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ыйгарым укуктуу өкүл аймактагы бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып, жаралган маселелердин жеринде чечилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Кара-Булак айылынын эли менен жолукту. Жолугушууда айыл эли эскилиги жеткен таза суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын жаңылоо, турак жай куруу үчүн жер аянтын трансформациялоо, айыл аймактын инфраструктурасын чыңдоо боюнча маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле Айгүл гүлү өскөн аймакты корукка алуу, эс алуучулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, «Алмалы» эс алуу жайын иретке келтирүү, эс алуучуларды тартипке чакыруу иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыктарын айтышты.

Жолугушуудан соң ыйгарым укуктуу өкүл Кара-Булак айылындагы суу булактарынын абалын көрүп чыгып, айылдын таза суу маселесин чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Иш сапарынын алкагында Акрам Мадумаров Баткен районунун борборун куруу үчүн ажыратылган 15 гектар жер аянты менен таанышты. Бул аймакка келечекте Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук мекеме ишканалардын имараттарын куруу пландалган. Учурда бул боюнча башкы план даярдалган. Облус башчысы Баткен районунун административдик имараттарын куруу менен учурда Баткен шаарынын аймагында жайгашкан Баткен районуна тиешелүү ишканаларды Бужум айылына жылдыруу боюнча тиешелүү перспективдүү иш-аракеттерди баштоо тууралуу тапшырмаларды берди.

Кара-Булак айыл аймагында 15 миңден ашуун эл жашайт. Айыл аймак инвесторлордун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен элдин бир катар социалдык көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө жетишкен. Учурда Бужум айылында спорт комплекси жана Кара-Булак айылында ФАПтын имараттары курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×