Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 16.11.2019 20:30

Жумгалда көмүр канча сомдон сатылууда?

Turmush -  Жумгал районунун аймагында көмүр кампалары ачылып, элди арзан көмүр отуну менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин тургундар көмүрдүн мекенинде туруп, көмүргө жетпей келебиз деп нааразы болгон.

Чаек айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкулов билдиргендей, учурда райондун борборунда 2 көмүр кампасы ачылып, 100 тоннадан көмүр түшүрүлдү.

«Бир тонна көмүрдү тургундар өздөрү ээлесе 2200 сомдон, ал эми сатуучу ээлеп берсе 2500 сомдон сатылып жатат. Мындай көмүр кампалар райондун Жумгал, Жаңы-Арык, Куйручук жана Кызыл-Жылдыз айылдарында ачылып, элдин муктаждыктары чечилүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×