Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуКочкор району 16.11.2019 10:15

Анара Жаныбаева Кочкордогу калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы болду

Анара Жаныбаева
Анара Жаныбаева

Turmush -  Кочкор райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп Анара Жаныбаева дайындалды.

Анара Жаныбаева 1985-жылы 5-ноябрда Ысык-Көл районунун Григорьев айылында туулган. 1992-2003-жылдары Бишкек шаарындагы №33 орто мектебинде билим алган. 2003-2008-жылдары Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2008-жылдын июнь айында Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнө юрист кызматына кабыл алынган. 2010-жылдан баштап Кочкор райондук паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүндө башкы адис кызматын аткарган. Андан соң Кочкор райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келген.

Ал үй-бүлөлүү. Төрт баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×