Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 15.11.2019 18:15 На русском

Чаткалда мектептердеги көмөкчү чарбаларда миңден ашык мал-жандык багылат. Видео

Turmush -  Чаткал районундагы билим берүү мекемелеринде көмөкчү чарбалар уюшулган. Кээ бир көмөкчү чарбада кармаган майда мал-жандыктын саны 130га барат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерде музоолуу уйлар багылып, балдарды сүт менен камсыздашат. Айрым мектептерде мамлекет бөлгөн акча утурумдук оңдоо иштерине жетпей калгандыктан, чарбадагы койлорду сатып, сапаттуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп алышса, айрым мектептер материалдык-техникалык базаларын чыңдап алышкан. Аймактык кабарчы райондогу мектептердин көмөкчү чарбаларынын иштөөсү менен таанышып келди.

2000-жылдары Чаткал районунда биринчи жолу Сумсар орто мектебине ата-энелер тарабынан көмөкчү чарба түзүү демилгеси көтөрлүп, марафон өткөрүү менен көмөкчү чарба түзүлгөн. 2001-жылы Сумсар айыл аймагындагы Шекафтар айылындагы Ю.Гагарин мектебинде дагы көмөкчү чарба уюштурулган. Тактап айтканда атайын марафон өткөрүлүп, ата-энелер тарабынан 78 улак топтолгон. Бул мал-жандыктарды кармоо үчүн 2003-жылы кайра эле ата-энелердин колдоосу менен кашар салынган. Жергиликтүү бийлик тарабынан тоют үчүн 50 сотых жер ажыратылып берилген.

Мектептин директору Ысак Козубаевдин айтымында, мектептин чарба иштери үзгүлтүккө учурабастан иштеп келе жатат. Чарбадагы мал-жандыктарды ата-энелер комитети, мүчөлөрү көзөмөлгө алышат.

«Көмөкчү чарбанын болгону эң сонун мүмкүнчүлүк деп айтат элем. Анткени мектептин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого жардамы тиет. Биздеги чарбадагы кой-эчкинин саны 135ке жеткен болчу, быйылкы жылы мектепти утурумдук оңдоп-түзөө үчүн 3 козу, 2 эчки, 1 улак сатып, 19 миң 300 сом жумшадык. Азыр чарбада 28 кой, 12 козу, 64 эчки, 19 улак бар. Ата-энелер мал тоого чыгарыларда санын эсептеп, акт түзүшөт жана тоодон келгенден кийин дагы көзөмөлгө алышат. 50 сотых жерибизге беде эгип, жыйнап алабыз. Чөп жакшы болгон жылы ашыкчасын сатып, жем сатып алабыз. Эгер эки орум болуп калса 2-3 козу алып, жем дагы сатып алабыз. Чабандестин эмгек акысы үчүн чарбадагы козу, улактан айына бирден чегерилет. Бир жылда 12 козу же улак берилет. 2-3 айда бирден козу же улак балдардын ысык тамагы үчүн берилет», - дейт мектептин директору.

Гагарин атындагы орто мектепте 770 бала билим алат. Анын ичинен 336 окуучуга ысык тамак берилет.

Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагындагы М.Исмаил уулу атындагы мектебинин көмөкчү чарбасында 30 кой бар. Мал-жандыктарды Айгыр-Жал айылынын тургуну Ыманалы Чотбаев карап жатат.

Жергиликтүү тургундун айтымында, бул жоопкерчиликти ата-энелер өз ара сүйлөшүү менен ага жүктөшкөн. Азыр ал өз короосунда кыштан чыгарып берүү үчүн карап жаткан учуру.

«Эл ишенип берген соң, аманатты жакшы аткарганга аракет кылып жатам. Тиешелүү учурда дарыларын убагында берем. Кыштан чыгарып берсем, тоого кетет. Бул эмгегим үчүн кой же козу беришет», - деди ал.

Аталган мектептин директору Абдубаит Стамбековдун айтымында, чарба иши 15 кой менен башталып, 45ке чейин жеткен. Кыш оор жана узакка созулгандыктан санын көбөйтүү кыйынчылык жаратат.

«Быйылкы кыштан чыгуу үчүн бизге берилген 50 сотых жерге эккен бедебизди эки орум менен жыйнап, 300 таңгак чөп камдап койдук. Чарбадагы койлорду ата-энелер комитетинин жана камкордук көрүү кеңешинин макулдугу менен гана мектептин зарыл жумуштарына жумшап турабыз», - дейт А.Стамбеков.

Чаткал районунун акиминин орун басары Асель Чынасованын айтымында, райондогу 19 мектепте, 21 бала бакчада ата-энелердин колдоосу менен көмөкчү чарба уюштурулган. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, балдарга шарт жаратууга багытталган иш өз нугунда жүрүп жатат.

«Райондогу билим берүү мекемелериндеги көмөкчү чарбаларда учурда 1127 мал-жандык бар. Майда мал-жандык жана кара мал багылат. Алардын ичинен 597 баш кой жана козу, 575 баш эчки-улак жана 38 баш кара мал бар.

Чарбадагы мал-жандыктары көп мектептердин тизмеси дагы бар. Мисалы, Ю.Гагарин мектебинде 120дан ашык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Камчыбеков атындагы мектепте 117 баш кой жана эчки бар. Сумсардагы мектепте 78 баш кой, 10 баш торпок жана уйлар бар. «Байчечекей» бала бакчасында 58 баш козулуу кой бар. Торпок жана уйлары бар бала бакчаларда уйдун сүтү балдарга берилет. Чарба жумуштарынын арты менен мектептерде айрым маселелер чечилип жатат. Маселен быйыл Гагарин мектебинин оңдоо иштерине чарбадан акча жумшалды. Кайың-Суу мектеби проектор сатып алды. Материалдык-техникалык базаларын чыңдап жатышат», - дейт ал.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийлик тарабынан көмөкчү чарбаларды колдоо, тоют жана жайыт үчүн 24 гектар жер берилген. 4 бала бакчанын, 11 мектептин жер үлүштөрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×